Керич: нускалардын айырмасы

+ Kerch Mitridat.sea.jpg
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ Kerch Mitridat.sea.jpg
1-сап:
[[Файл:Kerch Mitridat.sea.jpg|thumb]]
'''Керчь''' (крымдык татарлардын тилинде Keriç, Керич) – 2014-жылдан [[Россия Федерациясы|Россия Федерациясына]] (Крым федералдык округу) караштуу [[шаар]]. Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн баатырдыгы үчүн «Баатыр шаар» деген ардактуу наам (1973) берилген. Керчь кысыгындагы порт. Калкы 149,7 миң (2008). Жанкыт – Керчь темир жолунун акыркы темир жол бекети. Темир кени казылып алынат (Камышанск-Бурунск комбинатында иштетилет). Металлургия, кеме куруу жана ремонттоо, тамакаш – татымал (анын ичинде балык белендөө) өнөр-жай ишканалары иштейт. Б. з. ч. 6-кылымда негизделип, Пантикапей аталган. Ал б. з. ч. 5-кылымдын башынан б. з. 4-кылымдын аягына чейин Боспор мамлекетинин борбору болгон. 1475-ж. түрктөр басып алган. 9–11-кылымдарда Корчев аталып, Россиянын курамына кирген. Керчтин аймагында Улуу Ата Мекендик согуш учурунда катуу салгылаштар жүргөн. Театр, тарыхый-археологиялык музей, Ажимушкайды коргоодо курман болгон баатырлардын мемориал ансамбли бар. Мелек-Чесмен коргону (б. з. ч. 4-кылым), Деметр склепи (б. з. 1-кылым), Иоанна Предтечи чиркөөсү (10–13-кылым) сакталган.
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:ГеографияРоссия шаарлары‎]]
[[Категория:Украина шаарлары‎]]
25 685

түзөтүү