Карел мойногу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Карел мойногу''' - [[Балтика деңизи|Балтика деңизинин]] Финн булуңу менен [[Ладога көлү|Ладога көлүнүн]] аралыгындагы кургактыктын кууш тилкеси. Бийиктиги 50 мге чейин, эң бийик жери 205 м (Лембола дөңсөөсү). Түндүк жагы гранит, гнейс тоо тектеринен, Борбордук бөлүгү жана түштүгү мөңгүнүн шиленди тектеринен турат. Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон жалчалуу рельеф басымдуу. Вуокса дарыясы кесип өтөт; көлдөрү көп. Ийне жалбырактуу токой (карагай, кызыл карагай), Линдула мырза карагай токою (1738-жылы кеме курууга пайдалануу үчүн отургузулган). Мойнокто Выборг, Приозёрск, Всеволожск шаары, Финн булуңунун жээгинде Сестрорецк, Зеленогорск жана башка курорттук шаарлар орун алган. Карел мойногунун көп жери В. И. Лениндин турмушу жана ишмердиги менен байланыштуу. Мойнок 9-кылымдын аягынан Русь аймагынын бир бөлүгү болгон. 17-кылымдын башталышында Швеция тартып алган. 1721-жылы Россияга өткөн. 1918–40-жылдары басымдуу бөлүгү Финляндияга караган. 1940-жылдан Россия Федерациясына таандык. Жөө жүрүү, лыжа жана суу туризми өнүккөн.
 
[[Категория:География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Европа географиясы‎]]