Картография: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
wikidata + picture + links
1-сап:
[[Файл:Levelling in the forest.jpg|thumb|Картография.]]
'''Картография''' (карта жана ...графия) – картография эмгектердин ([[географиялык карталар]], глобустар, [[Рельеф карталары|рельеф карталары]], Айдын, планеталардын, жылдыздуу асмандын карталары жана башка) теориясы, методикасы, аларды түзүү жана пайдалануу ыкмалары жөнүндөгү илим. Коом жана табият кубулуштарынын (алардын жайгашуусу, структуралары, касиеттери, өз ара байланыштары, өзгөрүү мезгилдери) мейкиндикте орун алышын, айкалышын жана өз ара байланышын чагылдырат. Картография илим катары төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат: карта таануу, математикалык картография, карталарды проекциялоо жана түзүү, карталарды жасалгалоо, карталарды чыгаруу, карталарды пайдалануу, картографиялык өндүрүш мекемелери, картографиянын тарыхы. Айрым тематикалык карталардын түрүнүн өзгөчөлүгү (геологиялык, топурак, экономикалык жана башка) жана аларды түзүү ыкмалары картографиянын башка тармактарынын пайда болушуна шарт түздү. Топографиялык картаграфия топография, геодезия илимдери менен тыгыз байланыштуу. Космосту сүрөткө тартуунун өнүгүүсү менен жаңы багыт – космостук картография пайда болду.
[[Категория:Терминдер жана түшүнүктөр]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:География]]