Топография: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
wikidata + links + Файл:Tripoint Trail CA NV OR Topo Map.jpg
м +link
6-сап:
Топографиялык карта түзүү жумуштары алгач 16-кылымда жүргүзүлгөн. 18-кылымда так өлчөөчү аппараттардын пайда болушунан жер бетинде жүргүзүлгөн Топографиялык съёмкалардын тактыгы жана сапаты артып, 20-кылымдын 1-жарымынан аэросүрөт,кийинки кезде [[космос]]тук Топографиялык съёмкалар кеңири колдонула баштады.
Жер бетинде жүргүзүлүүчү Топографиялык съёмкалар аянты кичине аймактарда мензула менен аткарылат. [[тоо]]луу жана татаал шарттуу райондордо Топография жумуштары [[Фототеодолит|фототеодолиттик]] съёмка боюнча жүргүзүлөт. [[космос]]тук съёмка азырынча өздөштүрүлбөгөн жана аз изилденген уюлдук аймактардын, чытырман токойлуу жерлердин, чөлдөрдүн кичине масштабдуу, ошондой эле обзордук Топографиялык карталарын түзүү менен чектелет. Негизги Топографиялык съёмка жүргүзүү ыкмасы - [[аэрофототопография]]. Азыркы учурда Топографиялык съёмка жүргүзүүнүн ыкмалары автоматташтырылууда. Бул Айдын ж. б. асман телолорунун карталарын түзүүгө, топографиялык карталарды тез жана так түзүп, бат жаңыртып турууга мүмкүндүк берет
 
== Колдонулган адабияттар ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Топография" булагынан алынды