Кашкадарыя облусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
68-сап:
|Эскертүү =
}}
'''Кашкадарыя''', '''Кашка-Дарыя облусу''' ([[Өзбекистан вилаеттери|вилоя́т]], {{lang-uz|Қашқадарё вилояти, Qashqadaryo viloyati}})  — [[Өзбекистан Республикасы]]нын административдик бирдиги. Административдик борбору — [[Каршы|Каршы шаары]].
 
1964-жылы 7-февралда уюшулган. Республиканын Түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Аянты 28,4 миң км2. Калкы 2,2 млн (2006).
[[Административдик борбор]]у — [[Каршы, Өзбекистан|Каршы шаары]].
 
Административдик-аймактык жактан 14 районго бөлүнөт. Кашка-Дарыя вилаети Памир-Алай тоо системасынын батышында, Кашка-Дарыянын алабында, деңиз деңгээлинен 2938 м бийиктикте жайгашкан. Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Карши, Нишан талаалары жана Сандык кумдуу чөлү ээлейт. Түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгышында Заравшан, Ысар кырка тоолорунун тармактары жатат. Климаты кескин континенттик, кургак. Январдын Орточо температурасы –0°С,-июлдуку 31,5ПС. Жылдык жаан-чыны 200–250 мм, тоо этектеринде жана тоолордо 500 ммге чейин. Башкы дарыясы – Кашка-Дарыя, анын куймалары: Ак-Суу, Кызыл-Дарыя. Областын Түштүк бөлүгү кумдуу, такыр, шор жерлер кездешет. Тоолоруна бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Кыртышы боз, күрөң жана тоошалбаа топурактуу. Чөлү өсүмдүктөргө жарды (негизинен эфемер, шыбак). Кашка-Дарыянын өрөөнүндө тал, терек, тоолорунда бадал, арча өсөт. Тоонун төмөнкү капталдары жайыт катары пайдаланылат. Калкынын негизин өзбектер (85%) түзүп, ошондой эле тажик, орус, татар, түркмөн жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км<sup>2</sup>ге 71 киши. Айыл калкы 73%. Шаарлары: Карши, Шахрисабз [бул шаарда Амир Тимур (Темирлан) туулган], Китаб, Касан, Мубарек, Яккабог, Гузар, Камаши.
Өнөр жай негизинен курулуш материалдарын (темир-бетон конструкциялары, кыш, акиташ жана башка), тамак-аш (эт, сүт, нан, ун комбинаттары, консерва, шарап, май жана башка) өндүрүүгө адистешкен. Ошондой эле жеңил өнөр жай (пахта тазалоочу завод, тигүү жана башка) да иштейт. Газ да өндүрүлөт. Көркөм кол өнөрчүлүк (топуга сайма саюу, килем токуу жана башка) жана жибекчилик өнүккөн. 1960-жылдан Мубарек газ-нефть кени өндүрүлө баштаган. Мубаректен өндүрүлгөн газ Ташкент – Бишкек – Алматы газ кууруна кошулат. Кашка-Дарыя вилаетинин айыл чарбасында дыйканчылык менен мал багуу (анын ичинде каракүл кою) өнүккөн. Ири өнөр жай ишканалары: «Мубарекнефтгаз» жана «Шуртаннефтгаз» ААК. Темир жолунун узундугу 350 км, автомобилдики 30 миң кмдей. Облустун аймагында Кызыл-Суу жана Мираки коруктары уюшулган.
 
== Административдик бөлүнүшү ==
[[Файл:Qashqadaryo districts.png|thumb|450px|rightupright=2|Кашкадарыя облусунун административдик бөлүнүшү.]]
Облус 12 административдик районго(туман) бөлүнөт:
* [[Гузарс району]] (3) — [[Гузар (Кашкадарыя облусу)|Гузар]]
Line 89 ⟶ 92:
* [[Яккабаг району]] (13) — Яккабаг
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
 
== Булактар ==