Кокон шаары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+img
+ Khudayar Khan Palace, Kokand 01.JPG
1-сап:
[[File:30 Коканд. Приемка хлопка.jpg|rightthumb|375pxКокон шаары (1913).]]
'''Кокон шаары''' — [[Өзбекстан|Өзбекстандын]] [[Фергана облусу|Фергана облусундагы]] шаар. Фергана ойдуңунун түштүк-батышында, Сох дарыясынын төмөн жагында жайгашкан. Калкы 206 миң (2008). Темир жол тоому. Жеңил (пахта тазалоочу заводдор, байпак комбинаты, тигүү ф-касы), химиялык, тамак-аш (май), машина куруу жана металл иштетүү (текстиль жана электр-техникалык өнөр жайы үчүн) өнөр жайы бар. Пахта тазалоочу ишкана үчүн жабдуу жана фосфор жер семирткичин чыгарат. Педагогикалык институт, театр, X. Н. Хамзанын үй-музейи, край таануу жана адабият музейи бар.

[[Файл:Khudayar Khan Palace, Kokand 01.JPG|thumb|Кокандская урда (1863-1873).]]
Алгач 10-кылымда Хувакенд, Хоканд, Хавокент, Хавокин деп эскерилет. Индиядан Кытайга кеткен кербен жолдун жээгинде жайгашкан. 13-кылымда моңголдор тарабынан талкаланган. Кийин Кокон шаарынын ордунда Эски-Коргон чеби пайда болгон. 1732-жылдан шаар. 1740-ж. Кокон хандыгынын борбору, диний ордосу болгон. 1876-ж. Россия империясына кошулуп, Түркстан генерал-губернаторлугундагы Фергана облусунун курамына кирген. Орто Азиядагы ири соода борбору. 1917-жылдын аягы — 18-кылымдын башында Кокон автономиясынын, 1924-жылдан Фергана облусундагы Кокон районунун борбору, 1991-жылдан Өзбекстан Республикасынын курамында. 18-19-кылымдын архитектуралык эстеликтери [Медресе-и Мир (18-кылымдын аягы); Нарбото-бий медресеси (1799, учурда мечит); Дахмаи-Шохон жана Мадари-хан күмбөздөр ансамбли (экөө тең 1825); Кудаяр хандын ак сарайы (1871); Камол казы, Зимбардор жана Хуржам медреселери (баары 1827) жана башкалар] сакталган. Кокон шаарындагы мурдагы орус банкынын имараты (1903, 1963-жылдан Гафур Гулям атындагы адабият музейи), Крафттардын үйү (1903, азыр шаардык аскер комиссариаты) жана башкалар бар. Эстеликтер (граждандык согуштун баатырларынын боордоштук бейити түбөлүк от жана обелиски менен, 1965; Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, 1981; «Эстелик-Хотира» мемориалдык комплекси, 1985 жана башкалар) орнотулган. Кол өнөрчүлүк (жезди чегелөө, токуучулук, жыгачты кооздоо) өнүккөн. Элдик искусствонун көөнө борбору.
 
[[Категория:География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Өзбекстан шаарлары‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кокон_шаары" булагынан алынды