Баренц деңизи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м +link
1-сап:
[[Файл:Barentszzee.PNG|thumb|Баренц деңизи.]]
'''Баренц деңизи''' - [[Түндүк Муз океан|Түндүк Муз океандагы]] четки [[деңиз]]. Европанын түндүк жээги менен Шпицберген, Франц-Иосиф жери жана Жаңы жер аймагынын ортосунда. [[Орусыя]] менен [[Норвегия|Норвегиянын]] жээктерин чулгап жатат. Түштүгүндө Кара Дарбазасы кысыгы аркылуу Кара деңизи, Горло жана Воронка кысыктары аркылуу Ак деңиз менен туташат. Аянты 1424 миң км<sup>2</sup>. Көп бөлүгү шельфте жайгашкан; тереңдиги 360-400 м, эң терең жери 600 м. Суусунун көлөмү 316 миң км<sup>3</sup>. Жээктери булуң-буйткалуу, бийик, аскалуу. Деңиз түбү кум-шагылдуу. Канин Hoc жаңы аймагынан чыгышыраак жапыз, булуң-буйткалар аз. Булундары: Порсангер-фьорд, Варангер-фьорд, Мотов, [[Кола жарым аралы|Кола]], Печора, Чеша ж. б. Ири аралы Колгуев. Печора дарыясы куят. Атлантика океанынан келген жылуу агымдын таасиринен деңиздин түштүк-батыш бөлүгү тоңбойт (суунун температурасы февралда 3-5°С, августта 79°С ге жогорулайт), бирок Түндүк Муз океандын муздак агымынан климаты өзгөрүп турат. Кышында түштүк-батыш, жазында жана жайында түндүк-батыш шамалдары басымдуу. Февралдын орточо темпрасы түндүгүндө -25°С, түштүк-батышында -4°С; августта түндүгүндө 0°С-1°С, түштүк-батышында 10°С. Жыл бою күн бүркөк болот. Жылдык жаанчачыны түштүгүндө 250 мм, түш.-батышында 500 мм. Туздуулугу түндүгүндө 32-33%о, түштүк-батышында 35% га жакын. Суткасына 2 жолу ташкындайт (6,1 м ге чейин). Деңиздин түштук-батышы жыл бою тоңбойт. Түнтүк-батышы жана түндүк чыгышында муз жыл бою жатат. Айрым жылуу жылдары деңиздеги муз толугу менен эрийт. Балык (треска, сельдь, пикша, сайда, деңиз окуну, камбала) кармалат. Транспорт үчүн чоң мааниге ээ. Негизги порттору: [[Мурманск]] (Орусыя), Вардё (Норвегия). Голландия деңиз саякатчысы В. Баренцтин ысмынан аталган.Б. Мудаева.
 
==Колдонулган адабияттар==