Түрк кагандыгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
пппр
1-сап:
'''Түрк кагандыгы''' административдик саясий борборуна айланган. 553-ж. Ашиналардын Улуу Түрк династиясын негиздөөчү Илиг-каган Бумын дүйнөдөн кайткан.
'''Түрк кагандыгы'''
 
Миң жылдыктын экинчи жарымы – Түштүк Сибирде, Казакстанда, Орто Азия жана Борбордук Азиянын чек арасында алгачкы түзүлгөн байыркы феодалдык түрк мамлекеттеринин түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө таандык. Ошондуктан бул мезгил байыркы Түрк доору деп аталат. Ушул [[доор]]до бул аймактарда алгачкы феодалдык мамилелер түзүлө баштайт.
 
 
VI кылымдын орто ченинде Борбордук Азияда Кыргызстандын тарыхында көрүнөктүү роль ойногон биринчи түк мамлекети түзулгөн. Бул Түрк кагандыгы эле, ал эки кылымча (552-744-жылдар) жашаган
 
 
Түрк деген этноним (кытайларда "[[туцзие]]" деп аталат) кытай летописинде биринчи жолу 546-жылы эскерилген болчу. [[Согду]]лар, персилер жана [[византия]]лыктар жаңы талаа багынтуучуларын "түрк" деп аташкан. Бул сөз элдин өз аты, руна сымал текст боюнча алганда "тирүү", "тур", " түбөлүктүү", "күчтүү", "бекем" дегенди билдирип, этностук мааниге караганда социалдык маанини көбүрөөк түшүндүргөн. "Түрк" дешип алды менен аскердик аристократиянын өкүлдөрүн гана аташкан. Акырындап отуруп бул ат башында аристократия турган урууга гана эмес, ага баш ийген көптөгөн тектеш элге да өткөн.
 
 
Түрк уруусу IV-V кылымдар. Борбордук Азия хуннуларынын чөйрөсүндө түзүлгөн. Алар өздөрүнүн ата-бабалары дешип мифте айтылган карышкыр уулу Ашинаны ("Ашина" деген аталыш "асыл бөрү" дегенди түшүндүрөт) эсептешет. V кылым орто ченинде түрктөр жуан-жуандык (авардык) кагандыкка баш ийишкен. Жуан-жуандык (жужандар деп да аталат) кагандык болсо ал учурда Борбордук Азияда үстөмдүк кылышып, Алтайга отурукташкан. Бул жерде түрктөр бай кенди өздөштүрүп, темир эритип турушкан.
 
Аны ушунчалык көп эритишкендиктен жуан-жуандардын салыктарынан да темир менен кутулушкан. Түрктөрдүн чечкиндүү башчылары Асаншад, Туу жана, Бумын кенчилердин, эритүүчүлөрдүн жана усталардын бүтүндөй мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланышкан. Алар соот кийинишкен атчан аскерлерди түзүшүп, ошол аскерлердин жардамы менен жүз жылга жетпеген мезгилдин ичинде бүтүндөй алтай урууларын өздөрүнө багындырып алышкан. Өзүнүн күчүнө жана атчан аскерлерине таянган Бумын 546-ж. Жунгарияны ээлеп турган жер жайнаган теле элин (тегрег) талкалап, анын жерин өз жерине кошуп алган. Ошондон тартып түрктөр салык төлөөдөн кутулуп, [[Борбордук Азия]]да үстөмдүк кылуу үчүн жуан-жуандардын атаандаштарына айланышкан.
 
 
Кармашууга шылтоо таппай турган карт Бумын жуан-жуандардын каганы Анахуанга (520-552-жж.) кызын мага аялдыкка берсин деп тийиштик кылган. Өз данкына жана күч-кубатына эсирген Анахуан түрктөрдүн күчкө толуп турганын андабай, каардана жинденип Бумынды кемсинте, мазактап, суроосун четке каккан. Түрктөрдүн башчысына ушул эле керек болчу. Согуштун чыгышына мындан артык себептин кереги жок эле. 552-ж. түрктөр жуан-жуандарга кол салышып, аларга баш көтөргүс сокку урушкан.
 
Натыйжада Анахуан өзүн-өзү өлтүргөн. Жеңишке жеткен Бумын Жуан-жуандык мамлекет башчысынын "Илиг каган" деген титулун алган. Ошентип, Борбордук Азияда Түрк кагандыгы (552-603-жж.) түзүлгөн. Каган өз ордосун Орхонго (Түндүк Монголияга) көчүргөн, ал жер бара-бара жаңы мамлекеттин административдик саясий борборуна айланган. 553-ж. Ашиналардын Улуу Түрк династиясын негиздөөчү Илиг-каган Бумын дүйнөдөн кайткан.