Ички Теңир-Тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + links
м + links
 
1-сап:
'''Ички Теңир-Тоо''' – түндүгүнөн [[Кыргыз Ала-Тоосу]], түштүгүнөн [[Какшаал тоо тизмеги]], чыгышынан [[Сары-Жаз суусу|Сары-Жаз]], [[Нарын]] дарыясынын суу бөлгүчү, батышынан Фергана тоо тизмеги менен чектелген кеңири аймак (провинция); татаал орографиялык түзүлүштө тизмектешкен кырка тоолор, тоо аралык узата созулган ойдуңдар, өрөөндөр менен алмашып жайгашат. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3100 м, аянты 50 миң км<sup>2</sup>ден ашык, анын 92%ке жакыны Нарын дарыясынын алабында жайгашкан. Рельефине бийик жана өтө тилмеленген ар түрдүү формалары бар кырка тоолор, татаал түзүлүштөгү тоо аралык ойдуңдар менен өрөөндөр мүнөздүү. Булардын көбү кеңдик жана ага жакын багытта созулуп жатат. Кырка тоолор 4000–4500 мге чейин көтөрүлүү менен айрым бөлүктөрүндө дого сымал ийилип, бири-бири менен туташып, жүздөгөн кмге созулат.

Бул тоо системаларга түндүгүнөн [[Кыргыз Ала-Тоосу]], андан түштүгүрөөктө [[Тескей Ала-Тоо|Тескей Ала-Тоонун]] батыш уландысы Үкөк, [[Карагатты тоосу|Карагатты]], [[Баба-Ата кырка тоосу|Баба-Ата тоолору]], [[Жумгал кырка тоосу|Жумгал]], [[Суусамыр, кырка тоо|Суусамыр кырка тоолору]], андан түштүгүрөөктө Жетим-Бел, Капка-Таш, Байдулу, Соңкөл, Кабак кырка тоолору, Суусамыр кырка тоосунун түштүк-чыгыш айрыгына барып такалат. Алардан түштүктө Нарын дарыясынын оң жээгин бойлой Жетим-Тоо, Нура, Молдо-Тоо, Көк-Ирим тоо кыркалары чыгыштан батышка созулуп, батышта Фергана тоо тизмегине барып такалат. Андан түштүгүрөөктө Нарын-Тоо, Жаман-Даван, дагы түштүгүрөөктө Борколдой, Ат-Башы, Арпа тоолору чыгышта Ак-Шыйрак кырка тоосуна барып такалат. Эң түштүгүндө Какшаал тоо тизмеги аймактын түштүк чеги болуп, түштүк-батыш багытта 400 кмге созулат. Тоо аралык ойдуңдар менен өрөөндөр тоолорго караганда төмөнкү гипсометриялык деңгээлде (1000–3000 м) жатат. Алар бири-биринен обочо кырка тоолор менен бөлүнүп, формасы жана узун-туурасы ар түрдүү (узундугу 30–40 кмден 150–170 кмге чейин). Булардын эң ирилери Орто Нарын, Кочкор, Кетмен-Төбө, Суусамыр өрөөндөрү. Ички Теңир-Тоо аймагынын рельефине бийик тоолуу сырт мейкиндиктери (2800–3200 м) да мүнөздүү. Аларга байыркы денудациялык тегиздиктер бөксө тоолор, өрөөн менен чуңкурчактардын тамандары (Балгарт, Кара-Каман, Орто Сырт, Солтон-Сары, Соң-Көл, Суусамыр, Ак-Сай, Арпа сырттары) кирет. Сырттардагы басымдуулук кылган талаа (айрыкча бетегелүү талаа) менен субальп жана альп шалбаалуу талаалар жайыт катары пайдаланылат.
 
Аймак геологиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча тектоникалык эки облуска Түндүк Теңир-Тоого (Түндүк бөлүгү төмөнкү палеозойдо каледон тектоникалык циклинде калыптанган) жана Ортоңку Теңир-Тоого (түштүк бөлүгү палеозойдун аягында герцин тектоникалык циклинин натыйжасында калыптанган) кирет. Түндүк Теңир-Тоонун тоолору негизинен палеозойдон мурунку жана төмөнкү палеозойлук кыйла метаморфизмделген тоо тектерден турат. Ортоңку Теңир-Тоонун тоолору негизинен ортоңку палеозойдогу деңиз чөгүндүлөрүнөн, ал эми аймактын өрөөндөрү палеоген-неогендин начар камдашкан континенттик, континенттик-деңиздик (туз-гипстүү формациялары менен) калың (3000–4500 м) катмарынан жана төртүнчүлүк мезгилдин түрдүү генезистик типтеги борпоң тектеринен турат. Палеоген-неогендин жана төртүнчүлүк мезгилдин тоо тектери тоо этегиндеги адырлардын өтө тилмеленген чаптуу рельефин түзөт. Андай адырлуу-чаптуу рельеф Ички Теңир-Тоодогу тоо аралык ойдуңдардын чет-жакаларына өтө мүнөздүү.
 
==Климаты==
[[Климат|Климаты]] жалпысынан [[Континенттик климат|континенттик]] жана кескин континенттик; кургакчыл, жылуулук менен нымдын таралышында чоң айырмачылыктар бар. Суук мезгили бир кыйла узак болот. 1500 мден 2200 мге (2300 м) чейинки бийикте жайгашкан тоолуу өрөөндөрдүн жайы мелүүн жылуу (июлдун орточо температурасы 19–16°С), активдүү температуралык мезгилдин (10°Сден жогору) узактыгы 130–167 күн. Мында жаздык эгин, жашылча, тоют өсүмдүктөрүн, картөшкө жана мөмө-жемиштин суукка чыдамдуу сортторун өстүрүүгө болот. Бирок жылуу жерде өсүүчү өсүмдүктөр үчүн жаздын аягында жана күзгө жуук болуучу үшүк өтө коркунучтуу. 2200 мден жогору жаткан өрөөндөрдүн жайы мелүүн жылуу же салкын, жылуулук ресурстары дыйканчылык үчүн жетишсиз. Төмөнкү гипсометриялык абалды ээлеген Кетмен-Төбө (800–1800 м) жана Тогуз-Торо (1200–1800 м) ойдуңдарынын жылуулук шарттары өтө ыңгайлуу. Мында июлдун орточо температурасы 21–22°С, активдүү температуралык мезгили 150–190 күн. Бул мезгилде жылуу жерде өсүүчү айыл чарба өсүмдүктөрү бышып жетилет. Тоо өрөөндөрү менен бийик ойдуңдарда кышы суук (январдын орточо температурасы –10°Сге чейин) жана узак, кышкысын дайыма жука кар жатат (Кочкор, Кара-Кужур ойдуңдарынан башкасында). Тоо капталдары менен сырт өрөөндөрүндө жайы салкын (105°С), кышы ызгаардуу. Ички Теңир-Тоонун түндүгүндөгү (Кочкор, Жумгал) жана түштүгүндөгү (Орто Нарын, Ат-Башы) өрөөндөрдө жаан-чачын аз (200–300 мм) түшөт. Калган жерлерде жаан-чачын батыштан чыгышка карай 400–500 ммден 300–400 ммге чейин азаят. Тоолордун батышты караган капталдарына да 400–500 мм жаан-чачын түшөт; көбү жылдын жылуу мезгилине туура келет.
 
==Табияты==