Малайзия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
links + pictures
1-сап:
[[Файл:Malaysia (orthographic projection).svg|thumb|Малайзия.]]
[[Файл:Flag of Malaysia.svg|thumb]]
'''Малайзия''' (Malaysia), Малайзия Федерациясы (Persekutuan Tanah Malaysia, англисче Federation of Malaysia) – [[Түштүк-Чыгыш Азия|Түштүк-Чыгыш Азиядагы]] мамлекет. Түштүк-Кытай деңизи экиге (батыш жана чыгыш) бөлөт. Батыш Малайзия Малакка жарым аралынын түштүк жээгинде орун алып, ага жээк тилкесинде жайгашкан аралдар (Пинанг, Ланкави, Сирибуат ж. б.) кирет. Ал түндүгүнөн Таиланд, түштүк-чыгышынан Индонезия, түндүгүнөн Бруней менен чектешип, чыгышынан [[Тынч океан|Тынч океандын]] деңиздери Сулу, Сулавеси менен чулганат. Түштүк-батышынан [[Малакка кысыгы]] аркылуу индонезиялык [[Суматра|Суматра аралынан]], түштүгүнөн кууш Жохор кысыгы (дамба курулган) менен Сингапур аралынан бөлүнүп турат. Чыгыш Малайзия Калимантан аралынын түндүк-батыш жагын жана майда аралдарды (Лабуан, Банги, Баламбанган ж. б.) ээлейт. Аянты 329,8 (ички акваториясыз 328,6) миң км<sup>2</sup>. Калкы 29,3 млн (2011). Борбору – [[Куала-Лумпур]] (улуттук жана мыйзам чыгаруучу борбор, парламенттин келүүчү жайы жана монархтын резиденциясы). Малайзиянын аткаруучу жана сот органдары атайын курулган административдик борбору [[Путражайя|Путражаяга]] (Куала-Лумпурдун шаар айланасы) көчүрүлгөн. Административдик-аймактык жактан 13 штатка (7 султандык, 2 княздык, 4 губернаторлук) жана 3 федерация аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – малайзия ринггити.
 
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009)
19-сап:
 
==Экономикасы==
[[Файл:KL - Cityscape at dusk.JPG|thumb|[[Куала-Лумпур]].]]
Малайзия – заманбап индустриялуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Социалдык өнүгүү деңгээли өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасында өтө жогору. ИДПнин көлөмү 461,4 млрд долларды (АКШ, 2010) түзүп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасында 14- жана Түштүк-Чыгыш Азияда 3-орунда. Аны киши башына бөлүштүргөндө 14,7 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 56%, Өнөр жайдыкы 37, айыл чарбаныкы (токой жана балык чарбасы менен бирге) 7. Өлкөгө түз келген чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү 8,4 млрд доллар. Ири инвесторлору: Япония, Сингапур, АКШ, Германия, Франция, Австралия, Тайвань. Улуттук ири мамлекеттик компаниялары: «Petronas» («Petroliam Nasional Berhad»; өлкөнүн ири нефть-газ корпорациясы), «Tenaga Nasional» (электр энергетика), «Perusahan Otomobil Nasional» («Proton») жана «Perodua» (автомобиль чогултат) ж. б. 2008-жылы 120,5 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 95%и ЖЭСке туура келет. Электроника, электр-техникалык, машина куруу (жарым өткөргүчтөр, интегралдык микросхемалар, тиричилик кондиционерлери; дүйнөдөгү эң алдынкы өндүрүш), жыгач иштетүү, түстүү металлургия (негизинен калай эритилет; жылына 35 миң тонна, дүйнөдөгү эң ири завод), химия (табигый каучукту өндүрүү боюнча дүйнөдө 3-орунда, Таиланд менен Индонезиядан кийин; жылына 1,27 млн тонна), нефть-химиялык (полипропилен, этилен, пропилен, параксилен, бензол ж. б.), фармацевтика (негизинен витаминдер), парфюмерия-косметика (пальма, кокос, арек майлары колдонулат), жыгаччылык, тамак-аш ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Куала-Лумпурдун шаар агломерациясынын түштүк бөлүгүндө Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң ири технополис (административдик борбору – Сайбержая; «мультмедиа супер-коридору» же «малайзия силикон өрөөнү») өнүгүүдө. Автомобиль өндүрүшү жылына 442 миң даана машина (Түштүк-Чыгыш Азияда Таиланддан кийин 2-орунда) чогултат. Айыл чарба техникаларын (трактор, шалы жыйноочу комбайн ж. б.) чыгаруу жана кеме куруу өнүккөн. Кеме оңдолот. Нефть (34,2 млн тонна, 2007) жана газ (1,7 млн тонна) казып алуу боюнча Түштүк-Чыгыш Азияда 2-орунда (Индонезиядан кийин). Өлкөнүн ички керектөөлөрүн толугу менен канааттандырат. Негизги азыктары – күрүч, кассава, жер жаңгак ж. б. Эчки, кой, бодо мал, чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык уулоо өнүккөн. Деңиз продуктылары даярдалат. Автомобиль жолунун Узундугу 98,7 миң км (2008), темир жолунуку 1890 км. Дарыяларында, деңизде кеме жүрөт. Ири порттору: Келанг, Танжунг-Пелепас, Пасир-Гуданг ж. б. Сыртка нефть, каучук, өсүмдүк ма­йын, калай, тропик жыгачтарын, автомобиль, бут кийим, кездеме, электрондук өнөр жай продукциясын (транзистор), радиотехникалык каражаттарды ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: Япония, АКШ, Сингапур, Европа Биримдиги өлкөлөрү, Түштүк Корея, Кытай.
 
Line 34 ⟶ 35:
 
==Музыкасы==
[[Файл:SUKTRA Gamelan Musicians.jpg|thumb]]
Малайзиянын полиэтникалык музыкалык маданиятынын негизин салттык музыка түзөт. Көз каранды эместикти алуу менен Малайзияда батыш тибиндеги музыкалык турмуш өнүгө баштаган. Гус Стейндин, Альфонсо Солианонун жана Жохари Саллехтин чыгармаларында малайдык, кытай жана инди музыканын мелодикалуу жана ритмикалык элементтери бат. Европалык гармониялык негиз менен айкалышып турат. Композиторлор Жон Йонг Лах Бох («Түштүк – Кытай деңизинин мистериясы» – симфониялык поэмасы), Жулия Чонг («Бергамбина» симфониясы, 1975, «Манора» балеттик сюитасы, 1982, «Кучинг» фортепиано жана оркестр үчүн концерт, 1992) батыш стандарттарына ык алышат. Малайзиянын бий искусствосунун байыркы салты бар. Анда инди-буддалык маданият элементтери, тайланддык (чыгышында) жана явалык (Малакка жарым аралынын түштүгүндө) канондордун таасири бириккен. Малайзиянын башкаруучулардын сарайларында, үйлөрүндө бий драмаларынын ар кандай түрлөрү: жикей (эл жомокторунун жана уламыштардын сюжетине), хадрах (арабдан чыккан; эркектер аткарат, отуруп, тизелеп, туруп бийлешет), ашык (жакшы көргөн чымчыгын жоготкон хан-кызынын тарыхы), менора (жергиликтүү жана тайланддык уламыштардын мотивдери боюнча; жай ыргактуу кыймылдар, колдун манжаларынын татаал оюндары, гротесктүү бет каптардын болушу). 20–21-кылымдын аралыгында бул жанрлардын баары кризиске учураган. Малайзиянын элдик бийлеринин репертуары ар түрдүү.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Малайзия" булагынан алынды