Бор мезгили: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ links
м direct link
 
1-сап:
[[Файл:Egg Mountain.jpg|thumb|Бор мезгили.]]
'''Бор мезгили''' (системасы) — [[Мезо­зой тобу (Заманы)заманы|мезозой заманынын]] акыркы мезгили. [[Юра мезгили|Юра мезгилинен]] кийин, [[Палеоген мезгили|палеогенден]] мурда пайда болгон тоотектердин геологиялык системасы. 1822-ж. француз геологу Ж. Омалиус д Аллуа өз алдынча системага бөлгөн жана ошол кездерде Европада кеңири тараган тоотектин тактага жазуучу бордун аты менен атаган. Мезгил мындан 110 млн жыл мурда башталып, 60-70 млн жылга созулган. Өз ичинен алгачкы жана кийинки Бор мезгили болуп, эки доорго бөлүнөт. Тоотектери астынкы жана үстүнкү бөлүмдөрдөн турат. Алгачкы бордо бардык платформалар жогору көтөрүлүп, ар кайсы жеринде анчалык калың эмес кум-чопо чөккөн. Мезгилдин аягында кургактыктар төмөн түшүп, деңиз суусу каптаган. Натыйжада бор, мергель, акиташ тоотектери калың катмарга айланган. Кээ бир жерлерде кызыл түстүү чөкмөтектер, туздар, көмүр кабаттары орун алган. Мезгилдин башталышында өскөн [[саговниктер]], беннетиттер, ийне жалбырактуулар юрадагы түрлөрүнөн айырмаланган эмес. Бирок мезгилдин аягында магнолиянын, лаврдын, жүзүмдүн жаңы түрлөрү пайда болгон. [[Аммониттер]], [[белемниттер]], [[фораминифералар]], [[сөөктүү балыктар]], узундугу 12 м болгон деңиз кескелдириктери, тиштүү куштар ([[ихтиорнис]], [[гесперорнис]]) жашаган. Сүт эмүүчүлөр пайда боло баштаган. Бор мезгилиндеги тектерде [[Фосфориттер|фосфорит]], [[боксит]], [[ташкөмүр]] (Сибирь, Ы. Чыгыш), [[нефть]] (Батыш Казакстан), цемент сырьёлору курулуш материалдары жолугат.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:Геология]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бор_мезгили" булагынан алынды