Александр Македонский: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей |
мNo edit summary |
||
1-сап:
'''Александр Македонский''', Искендер 3улкарнайн (б. з. ч. 356, Пелла - б. з. ч. 323, Вавилон) - улуу колбашчы жана мамлекеттик ишмер, Македониянын падышасы (б. з. ч. 336 323). Македониянын падышасы Филипп ІІнин уулу. 13 жашынан грек философу Аристотелден таалим-тарбия алган. Согуш өнөрүн атасынан үйрөнгөн. Чыгыш элдери аны кийинчерээк «ал-Искендер 3у-л-Карнайн» - «Кош мүйүздүү Искендер» деп, ал чыгарган тыйындардагы кош мүйүздүү туулгасына карап аташкан. Адегенде ал Дунайдын жээгинде фракиялыктардын Македонияга каршы кыймылын басат. [[Македония|Македониядан]] бөлүнүп чыгабыз деген Фивы, Афины ж. б. грек мамлекеттеринин оппозициячыл кыймылына катуу сокку урат (334-ж.). Тактыга олтургандан кийин панэллин союзун жана бириккен грек-македон аскерлерин түзөт. Александрдын негизги максаты Персия мамлекетин талкалоо жана жаңы жерлерди басып алуу болгон. Б. з. ч. 334-ж. анын аскерлери Геллеспонт кысыгынан өтүп, Персияга согуш ачып, май айында перс армиясын талкалайт. 333-ж. күзүндө Иссанын жанында Персия падышасы Дарий Шнүн аскерлерин талкалап, Кичи Азияны ээлейт. 332331-ж. [[Мысыр|Египетти]] басып алат. 331-ж. октябрда Месопотамиядагы Гавгамелдин жанында перс аскерлерин жеңип, Вавилон, Сузы, Персеполь, Экбатану шаарын каратат. Дарий III өлгөн соң, Александр өзүн Персияга падыша деп жарыялап, чыгыш монархы, эбегейсиз зор Грек-македон-перс мамлекетинин башчысы болуп калат. 329-ж. [[Орто Азия|Орто Азияга]] басып кирип, Маракандды (Самаркандды) багындырып, Сыр-Дарыянын жээгин туруктаган элдерге кол салат. Грек-македон аскерлерине каршы ал жерде Спитамен башында турган жергиликтүү элдердин көтөрүлүшү (б. з. ч. 329-327) башталып, өзгөчө сак уруулары катуу каршылык көрсөтөт. Б. з. ч. 329-ж. Яксарт (Сыр-Дарыя) суусунун жээгинде грек-македон аскерлери менен сактардын ортосунда айыгышкан кармашуу болот. Бул кармашта сактардын
[[Категория:Инсандар]]
==Колдонулган адабияттар==
|