Куба: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ map
21-сап:
 
==Тарыхы==
Куба аймагынан (Ольгин провинциясы, Маяри дарыясынын жээктери ж. б.) адамзат тарыхынын эң байыркы эстелиги – Левиса 1 (7-катмары мындан 5140, 6-катмары-4240 жана 4150 жыл мурда), Себоруко жана Мелонес (б. з. ч. 6-5 миң жыл), Пикимачай (Перу, б. з. ч. 12 миң жыл), Ахуэреадо (б. з. ч. 10–6,8 миң жыл) жана Эль-Риего (б. з. ч. 6,5–5 миң жыл) ж. б. тургун жайлары, эмгек куралдары табылган. Б. з. ч. 4 миң жыл мурда Куба аймагын индейлер мекендеген. [[Колумб Христофор|Х. Колумб]] Куба аралын ачканда (1492) калктын саны 100дөн 200 миң кишиге чейин жеткен. 1511-ж. Д. Веласкес де Куэльяр жетектеген испандар Кубаны карата баштап, жергиликтүү калкты аёосуз кырган. 1512–15-жылдары испандар Асунсьон (азыркы Баракоа), Сан-Сальвадор-деБаямо (азыркы Баямо), Сантьяго-де-Куба, Сан-Кристобаль-дела-Абана (Гавана) ж. б. шаарларды негиздеген. 1512–39-жылдары испандар Кубанын алтындарын ташып кеткен соң, ал жерде мал жана плантация (кант, тамеки) чарбалары пайда болгон (1570). Плантацияларда Африкадан алынып келген кул-негрлер иштешкен. 1596-ж. Куба генерал-капитандык статуска ээ болгон. Испан баскынчылары өлкөнүн аймагын бөлүп алууну негизинен 17-кылымдын ортосунда аяктаган. Испандарга каршы жергиликтүү калктын көтөрүлүштөрү ырайымсыздык менен токтотулган. 1762–63-жылдары Жети жылдык согуштун (1756–63) жүрүшүндө Гавананы англичандар басып алып, Кубага эркин соода жүргүзүү тартибин киргизген соң, испандык бийлик кубалык плантаторлордун укуктарын кеңейтүүгө аргасыз болгон. Европа, өзгөчө Франция жана АКШ өлкөлөрү менен соода жүргүзүү Кубанын экономикасынын жогорулашына мүмкүндүк берген. Испаниянын Кубага тамеки монополиясын алып таштап (1817), эркин сооданы кеңейтүү (1818) ж. б. жеңилдиктерди бериши плантация чарбаларын гүлдөтүп, испан үстөмдүгүн жактагандардын абалын жакшырткан. 1820-жылдардын башында метрополия саясий жеңилдиктерди берүүдөн баш тарткан. 1820–50-жылдары Кубада реформисттик кыймыл кеңири жайылып, кулчулукту алып салууну талап кылышкан. 1830–40-жылдары Кубада алгачкы тамеки жана сигарета чыгаруучу фабрикалар пайда болуп, кант өндүрүшү, тоо кен өнөр-жай өнүккөн, темир жол салынып, куюу устаканалары курулган. 1860-жылдары алгачкы жумушчу уюмдары (Гавана тамекичилер ассоциациясы ж. б.) түзүлгөн. 1868-ж. 10-октябрда Кубада К. М. де Сеспедестин жетекчилиги менен испан үстөмдүгүнө каршы куралдуу көтөрүлүш башталган. Бул кийин он жылга созулган (1868–78) улуттук-боштондук согушка айланган. Анын жүрүшүндө испандар өлкөнү башкаруу системасын өзгөртүүгө жана кулдарды бошотууга убада берген. 1886-ж. Кубада кулчулук жоюлган. Кулчулуктун жоюлушу өнөр-жайдын өнүгүшүнө түрткү берген. Кубанын негизги соода өнөктөшү АКШ болгон. 1880-жылдары Кубада улуттук-боштондук кыймыл күч алып, 1895-ж. 24-февралда Орьенте провинциясында куралдуу көтөрүлүш чыккан. Ага X. Марти жана Куба революциячыл партиясы (КРП; 1892-ж. АКШда негизделген) жетекчилик кылган. 1895-ж. 16-сентябрда Химагуаю шаарында (Камагуэй провинциясы) Конституциялык ассамблея Куба республикасынын көз карандысыздыгын жарыялаган. С. Сиснерос президенттикке, X. М. Гомес жана А. Масео Боштондук армиясынын жетекчилигине шайланган. 1897-ж. Конституциялык ассамблея конституциянын өзгөртүлгөн текстин бекитип, Б. Масо президент болуп шайланган. 1897-ж. көтөрүлүшчүлөр Кубанын көпчүлүк аймактарын көзөмөлдөп, испан аскерлери порт шаарларында гана калган. 1898-ж. АКШ өкмөтү Боштондук армиясынын ийгиликтерин өз максатына пайдалануу менен Испанияга каршы согушуп, испандар толук талкаланган. Париж тынчтык келишиминин (1898) шарты боюнча Испания Кубага болгон укуктарынан баш тартып, Куба америкалык аскер администрациясынын көзөмөлдүгүнө өткөн. 1899-ж. АКШ Кубаны оккупациялап, КРП ж. б. улуттук-боштондук уюмдарын, ошондой эле Боштондук армиясын таркатып, 1903-ж. Кубаны жарым колонияга айландырган. 1923-ж. X. А. Мельинин жетекчилиги менен Кубада жаштар жана студенттердин кыймылы кулач жайган. 1925-ж. Гаванада Куба коммунисттик партиясы (КПК) жана Куба жумушчуларынын улуттук конфедерациясы (КЖУК) негизделген. 1925-ж. АКШнын колдоосу менен Куба президенттигине генерал X. Мачадо-и-Моралес келген. Ал террор диктатурасын орнотуп, жазалоону күчөткөн, КПК ж. б. саясий партиялардын ишине тыюу салган. Натыйжада КПК ж. б. саясий уюмдар 1933-ж. X. Мачадо диктатурасын кулатып (1933), башында К. М. де Сеспедес турган өкмөт түзүлүп, профсоюздар менен партиялар ачыкка чыккан. 1933-ж. 4-сентябрда Ф. Батиста жетектеген «сержанттар» кутуму бийликке Р. Грау Сан-Мартиндин Убактылуу революциялык өкмөтүн алып келген. Жаңы өкмөт прогрессивдүү кайра түзүүлөрдү (8 сааттык жумуш күнүн киргизүү, жумушчу уюмдарын таануу, электр энергиясына, газга, сууга жана телефонго болгон бааны арзандатуу ж. б.) жүзөгө ашырган. 1940-ж. Ф. Батиста президенттикке шайланып, СССР менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн. 1941-ж. Куба АКШга удаа эле Япония, Германия жана Италияга согуш жарыялап, АКШны аскердик-стратегиялык сырьё, жаңы аскер-деңиз жана аскер-аба базалары менен камсыз кылган. Р. Грау Сан-Мартин (1944–48) жана К. Прио Сокаррастын (1948–50) өкмөттөрү жүргүзгөн реформалардын өтө кашаңдыгы, Кубанын 1950–53-жылдары Корея согушуна АКШ тарапта катышышы элдик нааразылык туудурган. 1952-ж. президенттик шайлоо алдында КЭП жана анын лидерлери Э. Чибас менен Р. Аграмонте эл арасында белгилүү боло баштаган. Шайлоодо жеңилип калуудан чочулаган генерал Ф. Батиста 1952-ж. 10-мартта аскердик төңкөрүш жасап, бийликти басып алган. Ал ички реакция менен АКШнын жардамына таянып, аскердик-полициялык диктатура орноткон. Анын бийлиги демократиялык эркиндикти жок кылып, оппозициялык күчтү куугунтуктаган. 1952-ж. Ф. Батиста СССР менен диплатиялык мамилени үзгөн. Ф. Батистанын саясаты кеңири массанын кыжырдануусун туудуруп, нааразычылык күчөгөн. 1955-ж. Ф. Батистанын диктатурасын кулатуу максатында башында Ф. Кастро Рус турган «26-июль кыймылы» аскердик-саясий уюму түзүлгөн. К. Кастро командачылык кылган отряд 1956-ж. Кубага келип, куралдуу күрөш баштаган.
[[Файл:Cuba.FidelCastro.01.jpg|thumb|Ф. Кастро (2003).]]

1959-ж. 2-январда Гаванада Революциялык өкмөт түзүлүп, [[Кастро Рус Фидель|Ф. Кастро]] Рус өкмөт башчылыгына шайланган. 1959-ж. 8-февралда өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынып, агрардык реформа жүргүзүлгөндүктөн, латифундия системасы жоюлган. 1960-ж. ири ишканалар (анын ичинде америкалык компаниялар) ж. б. мамлекеттештирилген. 1960-ж. советтик-кубалык дипломатиялык мамилелер калыбына келтирилген. 1961-ж. «26-июль кыймылы», КЭСП жана «13-марттагы революциялык директорат» кыймылдары биригип, Бириккен революциячыл уюм (БРУ) түзүлгөн. Ал 1965-ж. октябрда Куба коммунисттик партиясы (КПК) деп аталып, КПК БКнын 1-секретарлыгына Ф. Кастро Рус дайындалган. Куба элинин революциячыл жеңиштерин жок кылууга умтулган АКШ өкмөтү оппозициялык күчтү колдоп, Кубага экономикалык тоскоолдуктарды жасап, аны менен дипломатиялык мамилесин үзгөн (1961). 1961-ж. 14-апрелде Ф. Кастро Куба революциясын «социалисттик» деп жарыялаган. Кариб кризисин (1962) жөнгө салууда АКШ Кубанын кол тийбестигине кепилдик бергени менен экономикалык басым көрсөтүүнү уланткан. Агрардык 2-реформанын (1963-ж. октябрь) натыйжасында жеке менчик чарбалар кыскарып, өнөр-жай ишканаларын мамлекеттештирүү аяктаган (1968). Транспорт жана энергетика өнүгүп, жаңы өнөр-жай тармактары пайда болгон. 1975-ж. КПКнын 1-съезди өткөрүлүп, өлкөнүн негизги мыйзамы (1976) кабыл алынган. Элдик бийликтин улуттук ассамблеясы (ЭБУА), Мамлекеттик кеңеш жана Министрлер кеңеши түзүлгөн. Мамлекеттик кеңештин, Улуттук коргоо кеңешинин жана Министрлер кеңешинин төрагалыгына Ф. Кастро Рус дайындалган. Куба өкмөтү 1960-жылдары Америкага каршы күрөшүп, Латын Америка, Африкадагы көтөрүлүштөрдү жана улуттук-боштондук кыймылдарды колдогон. 1980-жылдардын башында Куба экономикасы кризиске учураган. Куба өкмөтү кризистен чыгуу үчүн реформаларды жүргүзүп, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. 1993-ж. Куба өкмөтү АКШ долларын пайдаланууга жол берген. Дыйкандар, кооперативдер жана мамлекеттик фермалар айыл чарба продукцияларынын ашыгын эркин сатууга мүмкүнчүлүк алышкан. 1995-ж. сентябрда Улуттук ассамблея бекиткен «Чет элдик инвестициялар жөнүндө» мыйзам боюнча чарбанын бардык тармактарында чет мамлекеттик капитал колдонула баштаган. 1994-ж. АКШ менен Кубанын ортосундагы соода мамилелери жакшырып, бирок саясий чөйрөдө карама-каршылыктар жөнгө салынган эмес. 2002-ж. АКШ президенти Ж. Г. У. Буш Кубага каршы санкцияларды оордоткон. Буга жооп катары Куба өкмөтү 2004-ж. ноябрда расмий түрдө АКШ долларын Кубага пайдаланууга тыюу салган. 2006-ж. 31-июлда ден соолугуна байланыштуу КПК БКнын 1-секретары, Мамлекеттик кеңештин жана Министрлер кеңешинин төрагасы Ф. Кастро Рус кызматын иниси Р. Кастро Руска тапшырган. 2005-ж. декабрда Барбадос анда Кариб мамлекеттеринин лидерлери жолугушуп, Куба менен АКШнын ортосундагы чыр-чатакты чечүү жөнүндө маселени талкуулашкан. 2008-ж. 29-октябрда БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 63-сессиясында АКШнын Кубага каршы экономикалык, соода жана финансы блокадасын токтотуу жөнүндө маселе каралган. БУУнун Генералдык Ассамблеясынын бул резолюциясына 185 мамлекет макул болуп, 3 мамлекет (АКШ, Израиль жана Палау) каршы чыккан. Куба жетекчилеринин пикирлери боюнча АКШдагы президенттик шайлоодо Б. Обаманын жеңиши эки өлкөнүн ортосунда диалог үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. 2015-ж. Кубага каршы санкциялардын негиздүүлөрү алынып салынды.
 
==Чарбасы==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Куба" булагынан алынды