Корей жарым аралы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
links + Korean Peninsula.png
1-сап:
[[Файл:Korean Peninsula.png|thumb|Корей жарым аралы.]]
'''Корей жарым аралы''' - [[Азия|Азиянын]] чыгышында. Чыгышынан [[Япон деңизи]], түштүгүнөн Корей жана Чежу кысыктары, батышынан Сары деңиз менен чулганат. Жарым аралда КЭДРдин басымдуу бөлүгү жана Корей Республикасы жайгашкан. Узундугу 600 кмдей. Аянты 150 миң км<sup>2</sup> чамасында. Тоолуу рельеф басымдуу; эң бийик жери 1915 м ([[Чирисан чокусу]]); батышы дөбөлүү түздүк. Чыгыш жээги тик, начар тилмеленген; батыш жана түштүк жээктери — кокту-колот, өрөөндүү. Климаты муссондук. Январдын орточо температурасы түндүгүндө —21°Сден, түштүгүндө 4°Сге чейин, июлдуку 22—26°С. Жылдык жаан-чачыны 900— 1500 мм. Дарыялардын суусу мол; ирилери: Амноккан (Ялуцзян), Тумантан (Тумыньцзян), Тэдонган, Кымган ж. б. Жазы жалбырактуу, түштүгүнө дайыма жашыл субтропик токойлору мүнөздүү. Улуттук парктары: Хангё, Чирисан, Сараксан ж. б. ([[Корея Республикасы|Корей Республикасында]]); резерваттары: Хвангпо, Янгам ж. б. ([[КЭДР|КЭДРде]]). Түздүктөрүндө шалы, буурчак, гозо (пахта) өстүрүлөт. Вольфрам, гранит, магнезит кендери бар.
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:ГеографияКорея]]