Жапон деңизи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
wikidata, East Sea Bathymetry Jul.png + links
1-сап:
[[Файл:East Sea Bathymetry Jul.png|thumb|Япон деңизи.]]
'''Япон деңизи''' - [[Тынч океан|Тынч океанындагы]] жарым жартылай туюк [[деңиз]].
[[Евразия]] менен Корей ж. а., Япон жана Сахалин а-нын ортосунда. [[Россия]], [[КЭДР]], [[Корея Республикасы|Корея Республикалык]] жана [[Япония|Япониянын]] жээктерин чулгайт. Охота деңизи менен Татар, Невелской жана Лаперуз кысыктары; Тынч океан менен Цугару (Сангар) кысыгы; Чыгыш Кытай жана Сары деңиздери менен [[Корей кысыгы]] аркылуу туташат. Аянты 1062 км2. Эң терең жери 3720 м. Ири булуңдары: Чыгыш Корей, Улуу Петр. Климаты мелүүн, муссондук. Суусунун үстүнкү катмарынын температурасы түндүктө 0° ... - 1,3°Сдан түштүгүндө 12°Сга чейин, жайында 17°Сдан 26°Сга чейин өзгөрөт. Түндүгү кышкысын тоңот. Туздуулугу 27,5-34,8%оге чейин. Беймаал ташкындайт (0,5 мте чейин). Татар кысыгында суткасына эки жолу ташкындайт. Балык кармалат, краб, трепанг, балык промыселдери ж. б. бар.

Башкы порттору: [[Владивосток]], [[Находка]] (РФ), [[Ниигата]], Цуруга, Майдзуру (Япония), [[Пусан]], Ульсан (Корея Республикалык), Вонсан, Хыннам (КЭДР).
 
==Колдонулган адабияттар==
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
 
[[Категория:Деңиздер]]
[[Категория:Чыгыш Азиянын географиясы]]