Мехико: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + link
1-сап:
[[Файл:Montaje.Ciudad de México.jpg|thumb|Мехико.]]
'''Мехико''' (Mejico, Mexico), Мехико-Сити – Мексиканын борбору (1821-жылдан), шаар. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө, [[Мексика]] тайпак тоосунун түштүгүндө, тоо арасындагы өрөөндө, деңиз деңгээлинен 2234 м бийикте чачыранды жайгашкан. Мехикону бардык жагынан тоо курчап турат. Өзүнчө административдик бирдикти (федерация округун) түзөт. Калкы 8,5 млн (2010; Чоң Мехико шаар агломерациясында 23,6 млн). Калкынын саны боюнча дүйнөдө алдынкы орунда. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Жолдор тоому. Климаты субтропиктик. Январдын орточо температурасы 11,5°С, июлдуку 16°С. Жылдык жаан-чачыны 750 мм. Абанын өтө булгангандыгына байланыштуу шаардын үстүндө дайыма боз түшүп турат. Шаардын экологиялык абалы жылдан-жылга тездик менен начарлоодо. Жер титирөө жана чаңдуу бороон (1985-жылы эң катуу бүлгүнгө учураткан) тез-тез болуп турат.

Мехико испаниялык баскынчылар талкалаган Теночтитлан шаарынын ордуна испандар тарабынан 1521-жылы негиздеген. 1821-жылдан көз карандысыз Мексиканын борбору. 1847–48-жылдары АКШ, 1863–67-жылдары француздар, 1910–17-жылдары Мексика революциясынын учурунда дыйкандардын партизан отряддары ээлеген. 20-кылымдан Мексика мамлекетинин эң маанилүү саясий жана экономикалык борбору. 2-дүйнөлүк согуштан (1939–45) кийин өнөр жай тармагынын пайда болушу Мехиконун тездик менен өнүгүшүн шарттаган. Мехиконун тарыхый борборун Пласа де ла Конститусьон же Сокало аянты, Чапультепек паркы түзөт. Тамак-аш–татымал, текстиль, тигүү, бут кийим, фармацевтика, полиграфиялык, электр-техникалык, автомобиль кураштыруу, металл иштетүү жана цемент өнөр жай ишканалары иштейт. Улуттук Илимдер академиясынын, университеттер (анын ичинде Латын Америкасындагы эң ири автономия университети; 1551), китепканалар, консерватория, театрлар (анын ичинде опера жана балет), комедия үйү (1597), алгачкы «Колисео» туруктуу калк театры (1673)], 150дөн ашык музей (улуттук антропология, маданият, «Полифорум Сикейрос», заманбап искусство ж. б.), обсерватория бар. Мехико – архитектуралык эстеликтер менен музейлер шаары. Шаарда 10 архитектуралык парк, байыркы пирамидалар (биздин заманга чейинки 450-жыл чен), улуттук кафедралуу собор (15–16-кылым), көптөгөн коомдук курулуштар, чиркөөлөр, монастрлар (16–19-кылым) сакталган. Ацтектердин байыркы курулмалары өзгөчө кызыгууну туудурат. Заманбап архитектуралык комплекстер (Д. Риверанын, Х. К. Оросконун, Сикейростун сүрөттөрү жана мозаикалары менен кооздолгон), университет шаарчасы (1949–54), олимпия оюндары өткөрүлчү стадиондор [1951–53; 20дан ашык, анын ичинде «Ацтека» (1968)] курулган. [[Мехико 1968|1968-жылы Олимпия]] оюндары өткөрүлгөн. Жер астындагы сууну көп пайдалангандыктан, Мехиконун айрым бөлүктөрү чөгүүдө. Жыл сайын фестивалдар (кино, театр, бий) жана карнавалдар өткөрүлүп турат. Туризм (күнүнө 10296 киши түнөп өтөт) өнүккөн.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
[[Категория:Шаарлар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Мехико" булагынан алынды