Куба: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Ruta subida al Pico Turquino - panoramio.jpg + links
1-сап:
[[Файл:Cuba (orthographic projection).svg|thumb|Куба.]]
[[Файл:Flag of Cuba.svg|thumb]]
'''Куба''', Куба Республикасы (испанча República de Cuba) – [[Латын Америкасы|Латын Америкасындагы]] мамлекет, аймагынын аянты жана калкынын саны боюнча Кариб деңизинин алабындагы эң ири өлкө. [[Куба аралы|Куба]], Хувентуд ж. б. Чоң Антил аралдарындагы 1600дөн ашык аралдар тобунда (Лос-Колорадос, Сабана, Камагуэй, Хардинес-дела Рейна, Лос-Канарреос архипелагдарында, Сан-Фелипе ж. б. аралдарда) жайгашкан. Чыгышында [[Атлантика океаны]], түштүгүндө [[Кариб деңизи]] менен чулганат. [[Түндүк Америка|Түндүк Америкадан]] батышында [[Юкатан]], түндүгүндө [[Флорида кысыгы|Флорида кысыктары]] аркылуу бөлүнөт. Аянты 110,88 миң км<sup>2</sup>. Калкы 11 163 934 (2012). Борбору [[Гавана]]. Расмий тили – испан тили. Акча бирдиги – песо. Административдик-аймактык жактан 169 муниципияга бөлүнгөн 15 провинциядан (2011-жыл) турат; анын ичинде Хувентуд аралы борборго баш ийген атайын муниципия болуп саналат.

Куба – Бириккен Улуттар Уюмунун (1945), Бейтараптык кыймылынын (1961), «77 тобунун» (1964), Кариб өлкөлөрү уюмунун (1994), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Латын Америка интеграция ассоциациясынын (1999), «Биздин Американын элдеринин Боливар альтернативасынын» (2004), «Рио тобунун» (2008) мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007).
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007).
 
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Line 8 ⟶ 9:
 
==Табияты==
[[Файл:Ruta subida al Pico Turquino - panoramio.jpg|thumb|[[Туркино чокусу]].]]
Жээк сызыгынын жалпы узундугу 3735 км, өтө тилмеленген (айрыкча [[Кариб деңизи|Кариб деңизинин]] аралдары), 200гө жакын булуң-буйтка бар; ирилери: Батабано, Ана-Мария, Гуаканаябо. Мангр токойлуу жээктери арбын. Айрым аралдарынын жээктеринен 20–200 м аралыкта коралл (шуру) курулуштары кеңири таралган. Рельефи негизинен түздүктүү; [[Куба аралы|Куба аралынын]] чет-жакасын, Пинос аралынын түштүгүн ж. б. жерлерин деңиздик аккумуляциялык жана абразия-аккумуляциялык, айрым жерлерин тектирлүү түздүктөр ээлейт. Өлкөнүн ички аймактарына дельта, эрозия-аккумуляциялык жана денудациялык түздүктөр мүнөздүү. Дөңсөөлөр жана тоолор Кубанын аймагынын <sup>1</sup>/<sub>3 </sub>бөлүгүн ээлейт. Куба аралынын борбордук бөлүгүндө терең тилмеленген Гуамуая массиви (бийиктиги 1156 мге чейин, СанХуан чокусу) жайгашкан. Бийик тоолору өлкөнүн түштүк-чыгыш чет-жакасынан орун алган. Кубанын эң бийик жери – өтө тилмеленген Сьерра-Маэстра тоосу (1974 м, [[Туркино чокусу]]) түштүктү жээктей созулуп жатат.
 
Куба Антил-Кариб тектоникалык аймагынын Антил аралынын догосунун сегментинде жайгашкан. Кубанын маанилүү кен байлыктары – никель жана кобальт кен таштары; кобальт кен ташынын запасы боюнча дүйнөдө Конго Демократиялык Республикасынан кийинки 2-, никель кен ташыныкы боюнча Жаңы Каледония жана Австралиядан кийинки 3-орунду ээлейт. Башка негизги кен байлыктары: [[жез]], [[марганец]], [[хромит]], [[каолин]], [[темир]], [[нефть]], [[алтын]], курулуш материалдары ж. б.
 
Куба тропиктик климаттык алкакта жайгашкан, кышында түндүк-чыгыш, жайында чыгыш, түндүк-чыгыш пассаттарынын таасири тиет. Климаты мелүүн нымдуу, айрым жерлеринде (негизинен Куба аралынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө) мелүүн кургакчыл. Өлкөнүн климатына Гольфстрим жылуу агымы зор таасирин тийгизет, анын 2 тармагы Кубанын бүт аймагын жыл бою чулгап агат, ошондуктан өлкөнү чулгап турган суунун бетинин температурасы кышында 26 – 27<sup>0</sup>С , жайында 28 – 30<sup>0</sup>С. Январдын орточо температурасы 20 – 22<sup>0</sup>С, июлдуку 27 – 29<sup>0</sup>С. Эң төмөнкү температура түндүктөн кирген муздак аба массасына байланыштуу, ал 5<sup>0</sup>Сден төмөндөбөйт; эң жогорку температура 40<sup>0</sup> Сге чейин көтөрүлөт. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 1000–1200 мм, тоолордо 2200 ммге чейин. Дарыялары кыска жана суусу аз. Эң ириси – Кауто дарыясы (узундугу 370 км) Сьерра-Маэстра тоосунан башталат. Дарыялары негизинен жамгыр сууларынан куралат. Агымынын 80%ке жакыны күзгө туура келет. Нуктары босоголуу. Карсттуу аймактарда жоголуп кеткен жана жер астындагы агын суулар кездешет.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Куба" булагынан алынды