Манама: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
60-сап:
|сайтынын тили =
}}
'''Манама''' ({{lang-ar|المنامة}} Al-Manāmah) – Бахрейн мамлекетинин борбору. Түштүк-Батыш Азияда, Бахрейн аралынын түндүгүндө, Араб деңизиндеги Перс булуңунун жээгинде жайгашкан. Калкы 160 миң (2006; калкынын 80% ислам динин тутат). Өлкөнүн эң ири порту. Дүйнөдөгү калк эң аз жайгашкан шаар. Биздин заманга чейинки 1-кылымда арабдар тарабынан негизделген. 6-кылымда перс аскерлери тарабынан басып алынып, 7-кылымда Араб халифатынын аймагына кошулган. Бахрейн 1971-жылы көз каранды эместикке ээ болгондон Манама анын борбору. Мечит (кооздолгон минарети менен), 2 музей (анын ичинде улуттук жана Куран үйү; анда Курандын кол жазмасынын ири коллекциясы сакталып келүүдө), университет, орто жана атайын билим берүүчү мекемелери, педагогикалык окуу жайлары бар. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Балык кармалат. Бермет жана седеп чогултулат. Манама – Бахрейндин ири экономикалык борбору. Манамадан түштүктө нефть ажыратуу жана нефть-химиялык заводдору, алюминий (дүйнөдөгү алдынкы орундардын биринде), кеме ремонттоо, полиграфиялык өнөр жай ишканалары иштейт. Манамада Перс булуңундагы өлкөлөрдүн (Бахрейн, Катар, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Сауд Арабиясы) маалымат агентчилигинин штаб-квартиралары жайгашкан. Манама Перс булуңундагы эркин соода кылуучу үч аймактын бири. Туризм өнүккөн.
[[Категория:Шаарлар]]
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Манама" булагынан алынды