Байкоңур: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Soyuz expedition 19 launch pad.jpg
+ link
1-сап:
[[Файл:Soyuz expedition 19 launch pad.jpg|thumb|Байкоңур.]]
'''Байкоңур''' - [[Космос|космостук]] кемелерди, [[Орбита|орбиталык]] жана автоматтык планета аралык станцияларды учуруучу жана даярдоочу дүйнөдөгү ири космодромдордун бири. Аянты 6717 км<sup>2</sup>. [[Казакстан|Казакстандын]] [[Кызыл-Ордо облусу|Кызыл-Ордо облусундагы]] Байкоңур шаарынын жанында жайгашкан. 1955-ж. курулуп, 1991-ж. Казакстандын менчигине өткөн жана ижара келишими боюнча 20 жылга РФке берилген (2004-ж. ижаранын мөөнөтү 2050-жылга чейин узартылган). Байконурдун курамында жеңил, орто жана оор класстагы ракета алып жүрүүчүлөрдү («Циклон-М», «Молния», «Воеток», «Союз» ж. б.) даярдоочу жана учуруучу 9 старттык, 43 техникалык комплекси, 3 май куючу станция жана кычкылтек-азот заводу бар. Космодромдун инфраструктурасы 2 аэродром, байланыш, электрдик, суу жана жылуулук жабдууларын, ошондой эле авто жана темиржол түйүндөрүн камтыйт. Байконурдагы алгачкы учуруу сыноолору 1957-ж. май-сентябрь айларында өткөрүлгөн. Ошол эле жылдын 4-октябрында 1-Жердин жасалма спутниги орбитага чыгарылган, 1961-ж. 12-апрелде «Восток» космостук кемеси менен Ю. А. Гагарин учкан. Байконурдан көптөгөн советтик космостук кемелер («Восток», «Восход» ж.б.) жана орбиталык станциялар («Салют» ж-а «Мир») ж. б. көптөгөн Жердин жасалма спутниктери учурулган.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Байкоңур" булагынан алынды