Эмчектеги бала: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: изменение Категория:Ден-соолук на Категория:Ден соолук
к
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''Эмчектеги бала''' — бир жашка чейинки [[Наристе балдар|бала]]. <br />
Баланы дени сак өстүрүү, күч жана акыл-эсин туура калыптандыруу үчүн анын организминин айрым өзгөчөлүктөрүн билип, туура багуу зор мааниге ээ. Бала ымыркай (төрөлгөндөн кийинки биринчи 4 жума) жана эмчектеги мезгилге (1 жашка чейин) айырмаланат. Ымыркай баланын эне организминен сырткары жашоо шартына ыңгайлашуусу менен анын [[Организм|организминдеги]] көп органдар жана системалардын функциясы өзгөрөт. Ымыркай баланын ткандары менен органдарынын анатомия-физиологиялык өзгөчөлүгү, [[иммунитет|иммунитетке]] ээ болуу жөндөмдүүлүгүнүн жетишсиздиги түрдүү ооруга көбүрөөк чалдыгууга, ошондой эле оорунун оор өтүшүнө алып келет.
[[Файл:Эмчектеги бала.jpg|thumb|600px|center|Эмчектеги баланын дене салмагынын өзгөрүү схемасы (ай сайын кошуучу салмагы грамм менен берилген). К — кыз, Э — эркек бала.]]
 
== Салмак ==
Айына жетип (башка айтканда курсакта көтөрүү мөөнөтү бүткөндө — 39—40 жумада) төрөлгөн эркек баланын салмагы 3500±450г, кыздардыкы 3300 ±460 г болот. Бою (денесинин уз.) 47 смдей 57 смге (көбүнчө 50—51 см) чейин жетет. Төрөлгөндөн 3 күнгө чейин аз заара кылат (суткасына 4—5 жолу), бирок 1-жуманын аягы 2-жуманын ортосуна чейин суткасына 20—25 жолу, бир жашка жакын 15—16 жолу сиет. Ымыркай баланын нерв системасы жетишсиз өөрчүгөн. Бала төрөлгөндө шартсыз рефлекстер гана болот: жутуу, эмүү, эстөө, коргонуу (ооругандан, ысыктан, муздактан ыйлашы), чапчып кармоо жана башкалар Ымыркай бала жарыкты сезет, начар угат. Алар тез чарчагандыктан, анын уйкусу суткасына 17—18 сааттан кем болбошу керек. Ымыркай баланын организми энеден иммунитет алгандыктан жугуштуу оорулардын кээ бирине туруктуу болот. Ошону менен бирге аларда ириңдеткич микробдордон коргонуу күчү жетишсиз болуп, баланы өзгөчө таза багуу талап кылынат. Ымыркай бала жашоонун жаңы шартына көнө баштаганда өзгөчө, башка айтканда ооруга окшош, бирок дарылоо талап кылбаган абалда болот.