Өзгөн, Аким: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
3-сап:

'''Аким Өзгөн''' (Абдулхаким Барпы уулу Өзгөн; англисче '''Hakim Ozgen''', түркчө '''Abdülhakim Özgön'''; 13.12.1953 - 27.3.2017) – кыргыздын көрүнүктүү журналисттеринин бири, [[Түркия Республикасы|Түркиянын]] атуулу. 1989-95-жылдары [[«Азаттык» үналгысы|“Азаттык” үналгысынын]] директору болгон. “Азамат Алтай” эл аралык коомдук фондунун Азамат Алтай атындагы сыйлыгынын ээси.

==Кыскача өмүр таржымакалы==

Абдулхаким Барпы уулу Өзгөндүн ата-бабалары [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] [[Алай]] тоолорунда жашаган. Анын ата-энеси XX кылымдын башында кыргыз коомунун бир кыйла өкүлдөрү баштан кечирген бозгундук азап-тозокту көрүп, [[Өзгөн району|Өзгөндөн]] Чыгыш Теңир-Тоого жана андан ары [[Пакистан]] жергесине көчүп келишкен. Бул жерде 1953-жылы 13-декабрда перзенттүү болуп, атын Аким коюшкан.

Барпы ата жана башка тууган-туушкандары [[Пакистан|Пакистандан]] Түркия жумуриятына келип [[Түркиядагы кыргыздар|жайгашып калышкан]], бирок азыркыга чейин Пакистанда кала берген туугандары да бар. Алардын айрымдары – айтылуу Жаныбек казынын урпактары жана жакын туугандары.

Ата-энеси [[Түркия|Түркияга]] келген соң, Аким Түркиянын атуулдугун алган. “Өзгөн” деген тегатты алганда, Аким өзүнүн ата-бабасынын жерин өмүр бою таберик кылып эстеп жүрүү үчүн тандаган. Анын агасы Хамид Өзгөн (кыргызча Каамыт Өзгөн) жана бир катар башка тууган-туушкандары да ушул тегатты алып жүрөт.

Түркия Барпынын бүлөсүнө башпаана гана бербестен, билимге, кесипке ээ болуп, атуулдук бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга да шарт түзгөн экинчи атажурт болуп калды.

Аким [[АКШ|АКШнын]] Индиана университетинде [[журналистика]] жаатында кыска курсту аяктаган.

17-сап:
Дал ошол доор – Кыргызстанда Кайра куруулар доорунун күрдөөл кезеңи болчу.

Аким Өзгөн деректир болуп турган чагында (1989-95), “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын тиешелүү тилдердеги кызматтарынын (редакцияларынын) жетекчилеринин ичинен ал 1989-жылы жай мезгилинин соңунда – август айында алгачкы болуп өз тарыхый мекенине – Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

Аким Өзгөндүн алгачкы ирет Ала-Тоого келишинин максаты - 1989-жылы август-сентябрда демократ акын Токтогул Сатылган уулунун 125 жылдык торколуу тоюна катышуу эле. Аким Өзгөн мырзанын Советтер Биримдигине алгачкы жолу расмий сапарга аттануу үчүн виза алышына СССРдин Президенти М.С.Горбачёвдун кеңешчиси, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ролу чоң болгон.

Аким Өзгөндү Кыргызстан Компартиясынын Биринчи катчысы Абсамат Масалиев кабыл алган.

Аким Өзгөн 1990-жылдан тартып кыргызстандыктарды кабарчы катары “Азаттыкка” тартуу ишин баштады.

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Өзгөн,_Аким" булагынан алынды