Ала-Арча суусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary
1-сап:
[[Файл:АлаAla-АрчаArcha суусуriver KR.jpgJPG|thumb|Ала-Арча суусу]]
'''Aла-Арча суусу''' — [[Аламүдүн району|Аламүдүн районундагы суу]], Чүй дарыясынын сол куймасы. Узундугу 78 км, алабынын аянты 270 км2. [[Кыргыз Ала-Тоосу|Кыргыз Ала-Тоосунун]] түндүк капталындагы мөнгүлөрдөн башталат. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу агат да, Кашка-Суу кошулган жерден [[Байтик баатыр|Байтик]] өрөөнүнө чыгат. Суу бойлой арча, бадал, чычырканак өсөт. Ала-Арча суусу Чоӊ-Арык кыштагынан кийин [[Бишкек шаары|Бишкек шаарын]] аралай түндүк тарапка агат. Ири куймалары: Ак-Сай, Теке-Төр, Топ-Карагай, Туюк-Суу, Жинди-Суу, [[Адыгине дарыясы|Адыгине]], КашкаСуу ж. б. Алабында 5 көл, жалпы аянты 53,6 км<sup>2</sup> келген 33 мөӊгү бар. Жазгы жана күзгү жамгырда сел жүрөт. Майда кирип, сентябрдын аягында тартылат. Жылдык орт. чыгымы 4,17 м3/ сек; эӊ көбү 50 м<sup>31</sup>сек, эӊ азы 0,81 м3/сек. Төмөнкү агымында Ала-Арча суу сактагычы курулган. Сугатка пайдалангандыктан Чүй дарыясынана жетпейт. Боюнда Кашка-Суу, Таш-Дөбө, Орто-Алыш, Чоӊ-Арык, Орто-Сай, Маевка кыштактары жайгашкан.