Ала-Арча капчыгайы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Ala archa.JPG + links
мNo edit summary
 
2-сап:
'''Ала-Арча капчыгайы''' — [[Кыргыз Ала-Тоосу|Кыргыз Ала Тоосунун]] түндүк капталында, [[Бишкек|Бишкек шаарынын]] түштүк тарабында (35 км). Ала-Арча кыштагынын түбөлүк кар зонасынан (3800 м бийиктиктен) башталып, [[Байтик өрөөнү|Байтик өрөөнүнө]] (1600 м) чыгат. Уз. 30 км, туурасы 7 км.
 
Капчыгай негизинен палеозойдун башында пайда болгон сланец, кумдук, конгломе¬ратконгломерат, гранит жана гранит-диорит тоо тектеринен түзүлгөн. Рельефи жана генезис- тик тиби боюнча капчыгай экиге бөлүнөт. Жогорку 14 кмге чейинки аралыгы кууш, тик капталдуу (40—45°), тереӊ (800 мге че¬йин), нугу тепши формасында. Ал антропоген мезгилиндеги мөӊгүлөрдүн эрозиялык аракеттеринин натыйжасында пайда болуп, альп, субальп шалбаалары менен капталган. Төмөнкү бөлүгүнүн таманы (таль¬веги) жайык келип (300—500 м), тик капталдуу (30—40°), тереӊдиги 300— 400 м. Бул жерде карагай, арча, бадал¬дуу шалбаа өсөт. Капчыгай аркылуу [[Ала-Арча суусу]] агат. Капчыгайда альпинисттик лагерь (2000 м бийиктикте) жайгаш¬кан. Бишкек шаарынан альплагерге чейин асфальт жол курулган. Капчыгай Бишкек шаарынын эмгекчилеринин эс алуу жайларынын бири. Мында 1976-ж. аймактын табиятын сактоо максатында Ала-Арча табият паркы уюшулган.
 
== Дагы караңыз ==
* [[Ала-Арча, улуттук табият парк]]
 
{{no iwiki}}