Жер титирөө: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
3-сап:
 
Жер титирөөнүн көбү тектоникалык процесстердин натыйжасында, айрымдары жанар тоолордун атылышынан, чандасы жер көчкүдөн келип чыгат. Жылына [[Жер]] шарында Жер титирөөлөрдүн саны жүз миңдеп саналат. Алардын көпчүлүгү анчалык катуу болбогондуктан, адамга анча сезилбейт. Орто эсеп менен жылына бирден кыйратуучу Жер титирөө болуп турат да, шаар-кыштактар талкаланып, адамдар зыянга учурайт. Жер титирөө башталган жер астындагы зона Жер титирөөнүн очогу деп аталат. Мында жер катмарларынын чегинде узак убакыт бою жыйналган потенциалдык энергиянын бошонуу процесси жүрөт. <br />
Очоктун жер астындагы борбору гипоборбор, анын тик багыт бонча жер бетиндеги тушу эпиборбор деп аталат. Гипоборбор менен эпиборбордон бардык тарапка Жерди титиреткен толкундар таралат. Жер титирөөнүн очогу жер астындагы ар кандай тереңдикте пайда болот, көпчүлүгү 20–30 км, кээде гана жүздөгөн кмге жетет. Жер титирөөнүн күчү 12 баллга чейинки Жер титирөөнү билгизме шкала бончабоюнча аныкталат.
[[File:Haiti earthquake damage.jpg|thumb|[[Гаити (Арал)|Гаитидеги]] жер титирөө, 2010.]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жер_титирөө" булагынан алынды