Гаити: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
map + Flag of Haiti.svg
+ links
1-сап:
[[Файл:Haiti (orthographic projection).svg|thumb|Гаити.]]
'''Гаити''', Гаити Республикасы – [[Вест-Индия|Вест Индиядагы]] мамлекет. Гаити аралынын батыш бөлүгү менен ага жакын жаткан Гонав, Тортю, Ваш жана башка аралдардан орун алган. Аянты 27,7 миң км<sup>2</sup>. [[Калкы]] 8,3 млн (2006). Мамлекеттик тили француз жана гаити (креол) тили. Борбору [[Порт-о-Пренс]] шаары Гаити административдик жактан 10 департаментке Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006): бөлүнөт. Акча бирдиги гурд. Гаити БУУнун (1945), ЭВФтин (1953), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1953) жана башкалардын мүчөсү.
 
==Мамлекеттик түзүлүшү==
7-сап:
 
==Табияты==
Рельефи тоолуу (бийиктиги 2674 мге чейин, ЛаСель тоосу). Аралдары аскалуу. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орто температурасы 23-29°С. Жылдык жаан-чачыны 500-800 мм, тоолордун айдарым капталдарында 2000 ммге чейин. Ири дарыясы: [[Артибонит]], анда кеме жүрөт. Кюль-де-Сак ойдуңунда Гаитидеги эң ири көл Соматр (113 км<sup>2</sup>) жайгашкан. Аймагында көбүнчө жалбырагы күбүлмө тропик токою, түштүгүндө дайыма жашыл баалуу дарактар өсөт. Гаитиде жалпы аянты 7,45 миң га болгон 8 коргоого алынган табигый аймактары, андан ичкери Ла-Визит жана Макая улуттук парктары бар.
 
==Калкы==
Калкынын 95%ин [[негрлер]] (Африкадан алынып келинген кулдардын укум-тукумдары), 5%ин мулаттар түзөт. Динге ишенгендери католиктер. Орто жыштыгы 1 км<sup>2</sup> жерге 300 киши. Шаар калкы 41,8% (2005). Калкынын жашынын орто узактыгы: эркектериники 51,6, аялдарыныкы 54,3 жашаары Ири шаарлары [[Порт-о-Пренс]], Ле-Ке.
 
[[Файл:Toussaint Louverture - Girardin.jpg|thumb]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Гаити" булагынан алынды