Ат-Башы тоо кыркасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
5-сап:
Ат-Башы кырка тоосу түндук-чыгыштан (Кынды ашуусунан) түштүк-батышка (Түз ашууга чейин) 140 кмге созулуп жатат. Туурасы 30 кмге чейин жетет. Орточо бийиктиги 4280 м, эң бийик жери 4786 м (Жел-Тегирмен чокусу).
 
Кырка тоо түндүк-чыгыштан түштүк-батышка карай улам бийиктеп, [[Терек суусу, сууАт-Башы району|Терек-Суунун]] тушунан кайра жапыздайт. Капталдарында суу өрөөндөрү, суу жеп кеткен кокту-колоттор, жыбыт-жылгалар көп. Кырка тилкелеринде чакан мөңгүлөр кездешет. Бул тилкеде мөңгүнүн аракетинен пайда болгон рельефтин формалары – тепши сымал өрөөндөр,төрлөр бар. Шоңшойгон шиш чокулары, тоо тектеринин сыныктарынын эшилмелери кеңири таралган.
 
Кырка тоонун негизин кембрийге чейинки жана кембрий, силур, девон, таш көмүр, пермь мезгилдеринде пайда болгон тоо тектер (гнейс, сланец, конгломерат, кумдук, акиташ теги, мрамор, туф, порфирит) түзөт.