Бишкек: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
207-сап:
Башка аймактардан айырмаланып, шаардын калкына социалдык жактан берилүүчү төлөмдөрдү жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаар өзү камсыз кылат.
 
Бишкекте калкты соода жана тиричилик жактан тейлөөчү тармактардын өнүгүү деңгээли дагы Республиканын орто көрсөткүчүнөн бир кыйла жогору. 2002-жылы шаарда товарларды соодалап жүргүзүүнүн көлөмү 23,0 млрд сом, калкты тейлөөнүн көлөмү 4,7 млрд сом, а.и. калкты тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү 477,6 млн сомго жеткен. Башкача айтканда Республиканын орто көрсөткүчүнө салыштырганда Бишкекте соода жүргүзүүнүн көлөмүн адамдын санына эсептегенде 1,5 эсеге, ал эми калкты тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү 6,0 эсеге жогору болгон. 1995-жылы Бишкек шаарында [[Эркин экономикалык аймактар|Эркин экономикалык аймак]] (ЭЭА) түзүлгөн. Анын курамына шаардын «Манас» аэропорту, Өкмөттүн алдындагы Улуттук көргөзмө борборунун жери, илгертен «Акчий» деп аталып келген Чүй дубанынын Аламүдүн районундагы азыркы Мрамор айылынын чет-жакасындагы жерлер кирет. «Бишкек» ЭЭАнын жалпы аянты 489га. 2002-жылдын башталышында «Бишкек» ЭЭАда 412 ишкана катталып, анын 172си иштеген. Аларда 2814 адам эмгектенген. «Бишкек» ЭЭАда 2001-жылы 1181,8 млн сомдук продукция өндүрүлгөн, сыртка сатылган продукциянын көлөмү 12,6 млн АКШнын долларын жана сырттан келген инвестициянын көлөмү 1,2 млн долларды түзгөн.
 
== Маданий турмушу ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бишкек" булагынан алынды