Difference between revisions of "Стирол"

wikidata + Styrene-from-xtal-2001-3D-balls.png
м (Chaoborus moved page Стирол - to Стирол)
(wikidata + Styrene-from-xtal-2001-3D-balls.png)
 
[[Файл:Styrene-from-xtal-2001-3D-balls.png|thumb|Стирол.]]
'''Стирол -''' фенилэтилен, винилбензол, этинилбензол, С6Н5СН = СН2 [[Ароматтык углеводороддор|ароматтык углеводород]]. Мол. масс. 104,14, жагымдуу жыты бар, түссүз суюктук, балкып эрүү t 30,63°С, кайноо t 145,2°С, тыгызд. 0,906г/см3 (28). С. метанол, этанол, [[ацетон]], эфир, углеводород жана анын галоген туундулары уксус к-тасы менен аралашат. С. көптөгөн [[органика|органикалык]]  заттар жана полистирол жана башка полимерди эритет. Орг. заттар термикалык деструкциясынан, натуралдык газды пиролиздөөдөн алынат. О. эле крекингден алынган заттар, таш көмүр жана күрөң көмүрлөр чайырларында кездешет. Лаб-яда фенилэтанолду дегидратациялоодон алынса, өнөр жайында негизинен суунун буусунун агымында темир-магний же хром-цинк катализаторлору катышуусу менен этилбензолду 500°С дегидратациялоодон алынат. Жеңил окистенет, галогенди кошуп алат, ар түрдүү мономерлер менен полимерлешет жана сополимерлешет. Полимерлешүү бөлмө темп-расында жүрөт (кээде жарылуу м-н), ошондуктан аны сактаганда антиоксидант менен стабилдештирүү керек (мисалы, трет-бутил-пиро-катехин, гидрохинон м-н). Негизинен [[полистирол]], бутадиен-стирол каучуктарын, полиэфир чайырларын өндүрүүдө колдонулат. С. дивинилбензол менен сополимери ион алмаштыруучу чайыр катарында кызмат кылат. Андан лактар даярдалат.
==Колдонулган адабияттар==
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
 
[[Категория: Химия]]
25 681

edits