Көөлү кырка тоосу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ 17 links
+ Soviet Constitution peak.JPG
1-сап:
[[Файл:Soviet Constitution peak.JPG|thumb|Конституция чокусу.]]
'''Көөлү кырка тоосу''' – [[Борбордук Теңир-Тоо|Борбордук Теңир-Тоодо]]. [[Ак-Суу району|Ак-Суу районунун]] түштүк-батыш бөлүгүндө. Түндүгүнөн [[Көөлү өрөөнү|Көөлү]], чыгышынан [[Сары-Жаз өрөөнү|Сары-Жаз]], түштүгүнөн жана түштүк-батышынан [[Үчкөл өрөөнү|Үч-Көл]], [[Сары-Чат өрөөнү|Сары-Чат]] өрөөндөрү менен чектешип, түндүк-батышынан чыгышка карай 52 кмге созулат. Туурасы 21 км, орточо бийиктиги 4600 м, эң бийик чокусу 5281 м ([[Конституция чокусу|Конституция]]). Протерозойдун [[гранит]], гранит-[[диорит]], [[гнейс]], [[мрамор]], сланец, кембрийдин [[филлит]], [[кумдук]], силурдун [[акиташ теги]], девондун [[андезит]], [[порфирит]], [[доломит]], пермдин жегичтүү гранит, [[сиенит]], габроиддери кездешет. Тоо миздүү кырлар, тик беттер, тегизделген байыркы жондор мүнөздүү болгон мегантиклинорий. Көөлү кырка тоосундагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 216,2 км<sup>2</sup>. Кар чеги 4000-4200 м. Нивалдык-гляциалдык, альп, түштүктү караган беттерде шалбаалуу талаа, субальп ландшафттары кездешет.
 
==Колдонулган адабияттар==