Жамгыр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м Категория:Метеорология‎
 
1-сап:
[[File:Rain_in_Coronel_Fabriciano_MG.JPG|thumb|right|350px|Жамгыр ([[Бразилия]]).]]
'''Жамгыр''' – [[суу]] тамчысы түрүндө жер бетине түшүүчү жаан. Жамгыр адатта муздак тамчылар менен муз кристаллдарын 0ᵒтан төмөнкү температурада кармап турган аралаш булуттардан пайда болот. Булуттагы [[муз]] кристаллдары каныгуудан бара-бара чоңоюп, салмагы оордоп, булуттан бөлүнөт. Атмененын төмөнкү катмарында алар эрип, тамчыга айланат. Майда тамчылардын кошулушу да жамгырдын пайда болушуна көмөкчү. Ал кыска убакытка жана узакка созулуп, тынымсыз же мезгил-мезгили менен жаап, кара жамгыр (чоң-чоң тамчылуу, кыска мөөнөткө созулган жамгыр), ак жаан (майда тамчылуу, узакка созулган жамгыр), нөшөр (тамчы тез ылдамдык менен түшүп, катуу жааган жамгыр), өткүн (бат эле жаап өткөн жамгыр) болуп бөлүнөт. [[Орто Азия|Орто Азиянын]] түздүктөрүндө жана тоо этектеринде жамгыр жылдын бардык мезгилинде жаашы мүмкүн; жамгырлуу күндөр кар жааган күндөрдөн 2–3 эсе көптүк кылат.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—19967-14-046-1
 
[[Категория:ТабиятМетеорология‎]]
[[Категория:Аба ырайы]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жамгыр" булагынан алынды