Көгүчкөн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
+ Файл:Columba livia Luc Viatour.jpg
1-сап:
[[Файл:Columba livia Luc Viatour.jpg|thumb|[[Көк көгүчкөн]] (''Columba livia'').]]
'''Көгүчкөндөр''', кептерлер ([[Латын тили|лат.]] Columbidae) – [[Куштар|куштардын]] көгүчкөн сымалдар түркүмүнүн тукуму. Канаты узун, учтуу, жакшы учат. Түсү ар түрдүү. Жер бетинин мелүүн жана тропик алкактарында кеңири таралган. 43 [[Уруу (биология)|уруусу]], 285 [[Түр|түрү]] белгилүү. Көз Карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө 3 уруусунун 13 түрү кезигет. Көбү келгин куш. Көгүчкөндөр токой, талаа, тоону, эгин айдалган жерлерди мекендейт. Дарак, бадал, аскаларга, курулуштарга уялайт. 2 жумуртка тууп, эркек, ургаачысы тең басат. Экиден же кээде колония болуп жашайт. Балапаны жылаңач, кээде сейрек тыбыттуу болот. Өсүмдүк уругу, мөмөсү менен азыктанат. Суу ичүү үчүн алыс аралыкка учуп барат. Азыркы почта жана кооздук Көгүчкөндөр Көк көгүчкөндөн чыккан. 6 түрү, 9 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. Ак төш көгүчкөн менен сур көгүчкөн (эверсмаин) Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине кирген. [[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Канаттуулар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Көгүчкөн" булагынан алынды