Тынч океан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
16-сап:
Экологиялык абалы. Антропогендик иш-чаралардын натыйжасында Тынч океанда Дүйнөлүк океандын башка бөлүктөрүндөй эле экол. проблемалар (суунун булганышы, тирүү организмдеринин азайышы) жаралган. 18-20-кылымда аң уулоонун натыйжасында Тынч океандагы деңиз ую, мышыгы, киттер жок болуп кетүү коркунучуна учурап, учурда аларды жана бир катар эндемик жаныбарларды кармоого чектөөлөр коюлган. Океан суусу нефть продукциялары, оор металлдар жана атом өндүрүшүнүн калдыктары менен булганууда. Бул уулуу заттар деңиздин жээктен алыс жерлеринде байырлаган тирүү жандыктардын организминен да табылып келет. Океандын түндүгүндө, Түндүк Тынч океан агымынын алабында пластик ж. б. өндүрүш калдыктарынан турган Тынч океандык чоң таштанды аймагы пайда болгон. 2001-ж. бул таштандынын салмагы 3,5 млн г(океандагы жалпы зоопланктондун салмагынан 6 эсе жогору), аянты 1 млн кмгди түзсө, учурда анын аянты 15 млн км2 жеткени маалымдалат. Ал эми түштүк бөлүгү жарактан чыккан коемостук кемелердин «таштандысы» катары пайдаланылат.
 
Булардан тышкары, Тынч океандагы ээн атоллдордо АКШ, Франция, Улуу Британия мамлекеттери ядролук сыноолорду жүргүзүп келет. Т. о-дын жээгинде 50гө жакын мамлекеттер жана ээликтер орун алган. Анда АКШ, Япония жана Түштүк Кореянын ири өнөр жай борборлору жайгашкан; Австралия менен Жады Зеландиянын экономикасынын негизин түзүүчү маанилүү булак болуп саналат. Туризм өнүккөн. Бул океанды «Тынч океан» деп 1520-ж., Оттуу Жер а-нан Филиппин а-на чейин (3 ай 20 күндө), аба ырайы тынч болуп турган маалда сүзүп өткөн Ф. Магеллан атаган. 18-кылымдын орто ченинде француз географы Бюаша «Улуу океан» деп атоону сунуштап, бирок ал көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон эмес.нурдо лох
 
== Колдонулган адабияттар ==
 
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Тынч_океан" булагынан алынды