'''Лаго-Мажоре''' (италянча[[Италян тили|итал.]] Lago Maggiore – чоң көл), Вербано – [[Италия]] менен [[Швейцария|Швейцариядагы]] [[көл]]. Альп тоолорунун түштүк тармактарында. Аянты 212 км2, узундугу 62,5 км, тереңдиги 372 мге чейин. Тоо аралык ойдуңда деңиз деңгээлинен 194 м бийикте жайгашкан. Жээги бийик, жардуу. Лаго-Мажоре аркылуу Тичино дарыясы (По дарыясынын сол куймасы) агып өтөт. Кеме жүрөт. Балык кармалат. Туризм өнүккөн; климаттык курорттору: Аскона, Локарно ([[ШвейцарияЛокарно]] (Швейцария), Интра, Каннобио, Лавено, Палланца, Стреза ([[Италия]] ) жана башка.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7