"Таш туз" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

+ Selpologne.jpg
(Бот: автоматизированный импорт статей)
 
(+ Selpologne.jpg)
 
[[Файл:Selpologne.jpg|thumb|галит.]]
'''Таш туз''', кайнатма [[Туздар|туз]] – 1) галит [[Минерал|минералы]]. Химиялык курамы NaCl. Куб системасында кристаллданат. Өңү түссүз, тунук; курамында органикалык заттар, темир кычкылы кездешсе күрөң, боз, кызгылтым. Катуулугу 2., салыштырма салмагы 2,2; 2) галит минералынан түзүлгөн чөкмө тоо тек. Чопо же майда кумдуктардын арасында жука кабатча, чачынды, кабат, линза түрүндө учурайт. Деңиз сууларынын курамында да кездешет. Негизинен таш туз катмарлары кембрий, девон, пермь жана үчүнчүлүк мезгилдеринде калыптанган. Көбүнчө таш туз экзоген процессинде пайда болот. Аны тамак-ашка татымал катары жана аларды сактоо мөөнөтүн узартууда, химиялык өнөр жайда кеңири пайдаланылат. Таш туздун Кыргызстанда Кочкор, Шамшыкал, Кичи-Кул ж. б. кендери белгилүү.
[[Категория:Геология]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
[[Категория:Геология]]
25 681

edits