Оттук таш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Оттук таш''', кремень – кварц менен халцедондон турган минералдык түзүлүш. Жаратылышта конкреция, желвак, кабатча түрүндө акиташ тегинин арасында кеңири тараган. Катуулугу 7. Өңү боз, жашыл, ак ж. б. Пайда болушу боюнча оттук таш седиментациялык (биогендүү жа хемогендүү), катмар арасында, седиментациялык эмес түрлөргө бөлүнүп, чөгүндүлөрдүн диагенез, тоо тектердин катагенез жана үбөлөнүү учурунда пайда болот. Оттук таш сындырганда курч миздүү кыр калтыргандыктан, байыртан эле адамдар андан ар түрдүү курал жасашкан да, оттук катары пайдаланышкан. Учурда кислоталарга туруштук берген идиштерди жасоодо, курулушта (таштарды майдалоо, жасалгалоо) ж. б. тармактарда колдонулат.
[[Категория:Химия]]
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Оттук_таш" булагынан алынды