Хорезми, Мухаммедаль-Хорезми: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Хорезми,''' ''Мухаммедаль - Хорезми'' (781–850) – орто азиялык математик, астроном, географ жана фил..."

Белги: Жаңы багыттама
1-сап:
#REDIRECT [[Мухаммед Ал-Хорезми]]
'''Хорезми,''' ''Мухаммедаль - Хорезми'' (781–850) – орто азиялык математик, астроном, географ жана философ. Негизги эмгектери: «[[Индия]] эсеби тууралуу», «Күн сааттары жөнүндө», «Музыка жөнүндө трактат» жана башка. Ал грек окумуштуусу Пифагордон кийин биринчилерден болуп ар түрдүү геометриялык фигураларды терең изилдеген ([[үч бурчтук]], [[төрт бурчтук]], [[көп бурчтук]], [[а]йлана]], [[пирамида]], [[конус]] жана башка). Грек окумуштууларынын жаңылыштыгын оңдоп, кошумча кошкон.

Анын негизги эмгеги «Китаб аль жебр вальму-хабала» («Туунду жөнүндө китеп») деген ат менен белгилүү. Кийинчерээк «аль Жебр» сөзү алгебрага өтүп, бул илим математиканын өзүнчө бир тармагына айланган. Ал жаңы илим катары алгебраны негиздеп, математикадан бөлүп чыккан. [[Математика]] боюнча бир нече жаңы [[теорема]]ларды түзгөн. Анын ысмынан (аль-Хорезми) математикада негизги түшүнүктөрдүн бири алгоритм пайда болгон. Ал эми анын «Жер шарын сүрөттөө» аттуу эмгегинде байыркы Египет окумуштуусу Птоломейдин «География» китебин кайрадан иштеп чыгып, чейрек бөлүгүн кошумчалап, өзү жазган. Бул эмгек Чыгышта, айрыкча Батыш өлкөлөрүндө чоң мааниге ээ болуп, көп окумуштуулар пайдаланышкан.

==Колдонулган адабият==
“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.

“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”

“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.

“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

==Интернеттик шилтемелер==
[[Category:Кыргызстан]]

[[Category:Тарых]]

[[Category:Илим]]