Difference between revisions of "Лаутока"

Lautoka Streets 07.jpg
(Lautoka Streets 07.jpg)
 
[[Файл:Lautoka Streets 07.jpg|thumb|Лаутока.]]
'''Лаутока''' – [[Фижи]] Республикасындагы [[шаар]]. Батыш округунун административдик борбору. Калкы 55,2 миң (2010; шаар айланасы менен 80 миң); калкынын саны боюнча өлкөнүн борбору Сувадан кийинки 2-шаар. Нади эл аралык аэропорту (Лаутокадaн 25 км) бар. [[Тынч океаны|Тынч океандын]] жээгиндеги порточо 1789-ж. пайда болгон. 1977-жылдан шаар. Лаутока – «шекер борбору» деп аталып, өлкөдөгү эң ири кант заводу, улуттук ири компаниялардын офистери жайгашкан. Металл конструкциялары, жыгач иштетүүчү, тигүү, тамак-аш (суусундуктар) өнөр жай ишканалары иштейт. Жыл сайын кант фестивалы өткөрүлөт. Шаардын четинде эл аралык курорт комплекстери (пляж, дайвинг, яхтинг, гольф клубдары, алымсыз соода кылуучу дүкөндөр) уюштурулган.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
 
[[Категория:ГеографияШаарлар‎]]
[[Категория:Фижи]]
25 681

edits