Кингстон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
wikidata + Norfolk Island jail1.jpg
м + link
 
1-сап:
[[Файл:Kingston from Flagstaff Hill.jpg|thumb|Кингстон.]]
'''Кингстон''' — [[Австралия]] ээлиги [[Норфолк аралы|Норфолк аралынын]] административдик борбору. Аралдын түштүгүндө, [[Фижи деңизи|Фижи деңизиндеги]] Эмили бухтасынын жээгинде жайгашкан. Калкы 0,9 миң (2008). Кингстонго жакын жерде эл аралык аэропорт бар.

Британиялык лейтенант Ф. Г. Кинг тарабынан 1788-жылы абак шаарчасы (1814-жылга чейин) катары негизделген. 1825-жылы тартиби өтө катаал жана шарты оор жаңы абак түзүлгөн. 1855-жылы коомдун каршылыгынын негизинде ал абак жабылган. Норфолк аралынын кеңири автономиясы токтотулгандан кийин (1856-жылы 1-январь), Кингстон — анын административдик борбору. 1850-жылдар аягында кит уулоо үчүн пайдаланып, калкы аз калган. Кингстондо Норфолктун административдик мекемелери, губернатордун резиденциясы, аралдын администрациясынын имараты, өкмөттүн жыйындар залы, сот имараты бар. 20-кылымдын 2-жарымынан аралдын администрациясы эски курулуштарды сактап, калыбына келтирүү үчүн чара көрө баштаган. Норфолк аралынын музейи уюштурулган. Калкы негизинен туристтерди тейлейт. Жеңил, тамак-аш өнөр жайы иштейт.
 
==Колдонулган адабияттар==
 
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кингстон" булагынан алынды