Кирибати: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + map & flag
16-сап:
 
==Тарыхы==
Кирибатиге таандык аралдарга биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын башында австронезиялык уруулар, 13—14-кылымда Самоа, [[Тонга]] жана [[Фижи]] аралынын калкы көчүп келип, отурукташа баштаган. Жергиликтүү калкы — кирибатилер. 1606-жылы Бутаритари аралы (испан деңиз саякатчысы П. Фернандес де Кирос ачкан), 1765-жылы Никинау аралы (британиялык капитан Ж. Байрон ачкан), 1788-жылы Тарава ж. б. аралдар (Т. Гилберт жана Ж. Маршалл ачкан), 1826-жылы Кирибатинин курамына кирген бардык аралдар ачылып, аларды орус деңиз саякатчылары — Ф. Ф. Беллинсгаузен жана И. Ф. Крузенштерндер изилдеген. 1857-жылы христиан миссионерлери жергиликтүү калкты христиандаштыра баштаган. 1892-жылы Гилберт жана Эллис (азыркы Тувалу), 1900-жылы Ошен (азыркы Банаба), 1916-жылы Лайн, 1937-жылы Феникс а. Улуу Британия колониясына айланган. 2-дүйнөлүк согушта япон аскерлери Ошен, Тарава, Бутаритари жана Абемама аралын басып алып (1942), Ошен анын жергиликтүү калкын Науру жана Кусаие аралына көчүрүп, калгандарын 1945-жылы кырган. 1943-жылы ноябрда Тарава аралына америкалык десант түшүрүлүп, айыгышкан салгылашуулардан кийин япондуктар аралдан чыгарылган. АКШ бул аралга аскер базасын орноткон. Согуш бүткөндөн кийин АКШнын колдоосу менен Улуу Британия колония аймагына (Рождество аралына; азыркы Киритимати) ядролук куралдарды сыноодон өткөргөн. 1963-жылдан Улуу Британия колониялык башкаруу системасын реформалай баштаган. Аткаруу жана Консультациялык кеңеш (1967-жылдан Өкүлдөр палатасы жана Өкмөттүк кеңеш) уюшулуп, кеңешке жергиликтүү элдин өкүлдөрү дайындалган. 1971-жылы колония өзүн өзү башкаруу (британдык губернатор жетектеген) укугуна ээ болгон. Мыйзам чыгаруу кеңеши түзүлгөн. Ал 1974-жылы Чогулуш палатасы болуп өзгөрүп, башкы министрлик кызмат киргизилип, аны Набоуа Ратиета ээлеген. 1975-жылы 1-ноябрда колония экиге (Гилберт аралы жана Эллис а.) бөлүнгөн. 1977-жылы 1-январда Гилберт аралы колониясына өзүн-өзү башкаруу укугу берилип, 1979-жылы 12-июлда алардын көз карандысыздыгы жарыяланган. Жаңы пайда болгон мамлекет Кирибати Республикасы деп аталган. Мамлекеттин алгачкы президенти — Иеремия Табаи (мурдагы башкы министр, 1991-жылга чейин президент). 1999-жылдан Кирибати — БУУнун мүчөсү. 2007-жылы Аноте Тонг экинчи жолу президенттикке шайланган.
 
==Чарбасы==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кирибати" булагынан алынды