Лотарингия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Lorraine region locator map.svg + BlasonLorraine.svg
1-сап:
[[Файл:Lorraine region locator map.svg|thumb|Лотарингия.]]
'''Лотарингия''' – [[Франция|Франциянын]] түндүк-чыгышында Мозель дарыясынын алабындагы тарыхый аймак. Лотарингия аймагында Мозель, Мётр жана Мозель, Мёз, Вогезы департаменттери жайгашкан. Байыркы заманда Лотарингияда кельттер жашап, биздин заманга чейин 1-кылымдын орто ченинде аны римдиктер каратып, 5-кылымдын аягында Франк королдугуна караган. Франк мамлекети кулап, император Лотар Iнин жер бөлүүсүнөн кийин Лотарингия королдугу түзүлүп, 855– 900-ж. Рейндин ортонку жана төмөнкү агымында жайгашкан. Лотарингия анын биринчи королу (855–69) Лотар IIнин ысмынан аталган. 925-ж. герцогдук катары Герман королдугуна кирип, 959-ж. Лотарингия Төмөнкү жана Жогорку герцогдуктарга бөлүнгөн. 11–12-кылымда Төмөнкү герцогдук Лувен (12- кылымдын аягынан Брабант), Намюр, Лимбург жана башка графтыктарга бөлүнүп, ал аймактар кийин Бельгия менен Нидерланддын курамында калган. Жогоркусу 12-кылымдан баштап Лотарингия герцогдугу деп аталган. 9-кылымдын аягында феодалдык мамилелер калыптанып, 10–12-кылымда феодалдык бытырандылык башталган. Географиялык ыңгайлуу шартка байланыштуу Лотарингия немис жана француз королдорунун талашына туш болуп, формалдуу түрдө Ыйык Рим империясына баш ийсе да, 13-кылымдан баштап Франциянын саясий-экономикалык, маданий таасири күчөгөн. 15-кылымдын аягы же Франция менен Бургундиянын ортосундагы Лотарингия жана башка жерлер үчүн болгон Бургунд согуштарынан (1474–77) кийин Франциянын Лотарингиядагы таасири кыйла күчөп, герцогдор Рене IIнин (1473–1508) жана Антуандын (1508–44) тушунда Мозель, Маас аймактары караган. 16-кылымдын 2-жарымында Лотарингияны Францияга кошуу процесси башталып, Вестфалия тынчтыгы (1648) боюнча Мец, Туль, Верден Франциянын карамагына өткөн. 1697-ж. Лотарингия герцогдугу калыбына келтирилип, «Ыйык Рим империясынын» бир бөлүгү болуп калган. Вена тынчтыгына (1738) ылайык Лотарингия француз Станислав Лещинскийге түбөлүк берилип, ал өлгөн соң (1766) провинция катары Франциянын карамагына кирген. 1790-ж. Лотарингия Франциянын департаменти болуп, 1871-ж. Эльзас менен бирге Чыгыш Лотарингия [[Германия|Германияга]] кошулуп (к. Франкфурт тынчтыгы), Эльзас-Лотарингия империясы түзүлгөн. Версаль тынчтык келишими (1919) боюнча Лотарингия Францияга кайтарылып, 1940-ж. фашисттик Германия басып алып, 1944-ж. кайра Францияга берилген.
'''Лотарингия''' – [[Франция|Франциянын]] түндүк-чыгышында Мозель дарыясынын алабындагы тарыхый аймак. Лотарингия аймагында Мозель, Мётр жана Мозель, Мёз, Вогезы департаменттери жайгашкан.
 
[[Файл:BlasonLorraine.svg|thumb|upright]]
 
'''Лотарингия''' – [[Франция|Франциянын]] түндүк-чыгышында Мозель дарыясынын алабындагы тарыхый аймак. Лотарингия аймагында Мозель, Мётр жана Мозель, Мёз, Вогезы департаменттери жайгашкан. Байыркы заманда Лотарингияда кельттер жашап, биздин заманга чейин 1-кылымдын орто ченинде аны римдиктер каратып, 5-кылымдын аягында Франк королдугуна караган. Франк мамлекети кулап, император Лотар Iнин жер бөлүүсүнөн кийин Лотарингия королдугу түзүлүп, 855– 900-ж. Рейндин ортонку жана төмөнкү агымында жайгашкан. Лотарингия анын биринчи королу (855–69) Лотар IIнин ысмынан аталган. 925-ж. герцогдук катары Герман королдугуна кирип, 959-ж. Лотарингия Төмөнкү жана Жогорку герцогдуктарга бөлүнгөн. 11–12-кылымда Төмөнкү герцогдук Лувен (12- кылымдын аягынан Брабант), Намюр, Лимбург жана башка графтыктарга бөлүнүп, ал аймактар кийин Бельгия менен Нидерланддын курамында калган. Жогоркусу 12-кылымдан баштап Лотарингия герцогдугу деп аталган. 9-кылымдын аягында феодалдык мамилелер калыптанып, 10–12-кылымда феодалдык бытырандылык башталган. Географиялык ыңгайлуу шартка байланыштуу Лотарингия немис жана француз королдорунун талашына туш болуп, формалдуу түрдө Ыйык Рим империясына баш ийсе да, 13-кылымдан баштап Франциянын саясий-экономикалык, маданий таасири күчөгөн. 15-кылымдын аягы же Франция менен Бургундиянын ортосундагы Лотарингия жана башка жерлер үчүн болгон Бургунд согуштарынан (1474–77) кийин Франциянын Лотарингиядагы таасири кыйла күчөп, герцогдор Рене IIнин (1473–1508) жана Антуандын (1508–44) тушунда Мозель, Маас аймактары караган. 16-кылымдын 2-жарымында Лотарингияны Францияга кошуу процесси башталып, Вестфалия тынчтыгы (1648) боюнча Мец, Туль, Верден Франциянын карамагына өткөн. 1697-ж. Лотарингия герцогдугу калыбына келтирилип, «Ыйык Рим империясынын» бир бөлүгү болуп калган. Вена тынчтыгына (1738) ылайык Лотарингия француз Станислав Лещинскийге түбөлүк берилип, ал өлгөн соң (1766) провинция катары Франциянын карамагына кирген. 1790-ж. Лотарингия Франциянын департаменти болуп, 1871-ж. Эльзас менен бирге Чыгыш Лотарингия [[Германия|Германияга]] кошулуп (к. Франкфурт тынчтыгы), Эльзас-Лотарингия империясы түзүлгөн. Версаль тынчтык келишими (1919) боюнча Лотарингия Францияга кайтарылып, 1940-ж. фашисттик Германия басып алып, 1944-ж. кайра Францияга берилген.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
 
[[Категория:География]]
[[Категория:Франция]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Лотарингия" булагынан алынды