Тибет: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
1-сап:
[[Файл:Himalaya composite.jpg|thumb|Тебит]]
'''Тебит''', ([[Орус тили|орусча]]-Тибет) Тебит автономиялуу району (кытайча Сицзян) Кытайдын түштүк-батышында, Тебит тайпак тоосунун чегинде. Дүйнөдө деңиз деңгээлинен эн бийик жайгашкан аймак. Аянты 1200 миң км2. Калкы 3,0 млн (2010). Административдик борбору – Лхаса Тебит автономиялуу району 7 округга [анын ичинде бирөө шаар ([[Лхаса шаары|Лхаса]]) жана 600 жөнөкөй] бөлүнөт. Тебит мамлекети 7-кылымда пайда болгон. 13–14-кылымдарда моңголдорго көз каранды болуп турган. 17- кылымда будда (ламаист) мамлекетинин башчысы гелук далай-лама – өлкө башчысы болгон. 18-кылымдан Кытайдын курамына кирип (Цин маньчжурия династиясына кошулган), бирок далай-ламанын бийлиги сакталган. 1951-ж. КЭР менен Тебит бийлигинин ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Ошентип Тебит автономиялуу району 1965-ж. түзүлгөн.
 
Калкынын негизин тебиттиктер (92,8%) түзөт. Ошондой эле ханзулар (кытайлар) да жашайт. Эмгекке жарамдуу калктын көпчүлүгү а. ч-нда жана экономикасынын мамлекеттик эмес секторунда эмгектенет. Кустардык өндүрүшү, мал чарбачылыгы жана салттуу тибет медицинасы өнүккөн. Сыртка тери, жүндөн токулган буюмдар чыгарылат. Тебиттин климатына ылайыкташкан сейрек кездешүүчү дары өсүмдүктөрү тибет медисинасынын өнүгүшүнө түрткү болуп келет. Бул тармак райондун экономикасынын өнүгүшүнө да чоң салым кошууда. Брахмапутра дарыясынын өрөөнүндө жана тоо капталдарында айыл-чарба өсүмдүктөрү айдалат. Таш көмүр, нефть, калий, сейрек кездеигүүчү жер элементтерининин (дээрлик иштетилбейт) кени бар. Инфраструктурасы начар бойдон калууда.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
[[Категория:ГеографияКытай]]
[[Категория:Азия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Тибет" булагынан алынды