Кембрий мезгили: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Chaoborus moved page Кембрий мезгили (системасы) to Кембрий мезгили |
м + links |
||
1-сап:
[[Файл:Pikaia BW.jpg|thumb|''Pikaia gracilens''.]]
'''Кембрий мезгили''' (системасы)
Кембрийдин башталышында жер бетинин көпчүлүк бөлүгүн деңиз суусу каптап, фаунага бай чөкмөлөр (акиташ) калың катмарга айланган. Кызыл түстү терригендүү акиташтар, туздар орун алган. Мезгилдин орто ченинде жана аягында суу тартылып, лагуна чөкмөлөрү пайда болгон. Мурдагы тектоникалык түзүлүштөр (байыркы платформалар, байкал бүктөлүү циклинен келип чыккан геосинклиналдуу аймактар) мезгилдин ортосунда өзгөрүүгө дуушар болгон. Геосинклиналдуу аймактардан чөкмө тектер, эффузивдер, интрузиялар, платформалардан анчалык чоң эмес диабаздар орун алган. Мезгилдин башталышында скелеттүү организмдер: археоциаттар, гастроподдор, радиолярийлер, былпылдыктар, брахиоподдор, хиолиттер, кийинчерээк трилобиттер, остракодалар, пелециподдор бардык жерге тараган. Мезгилдин аягында трилобиттер, балырлар басымдуулук кылган. Кембрийдеги тоо тектер дүйнө жүзүнүн бардык бөлүгүндө (Урал, [[Кавказ]], [[Казакстан]], Орто Азия жана башка) кеңири тараган. Фосфорит (Казакстан, Моңголия, Кытай), туз (Сибирь платформасы, Индия), нефть (Иркут облусу Балтика бою), коргошун (Түндүк Африка), марганец ([[Кузнецк Ала-Тоосу]]), ванадий ([[Кыргызстан]], Казакстан) кендери кездешет.
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104
[[Категория:Геология]]
|