Жер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
copy from Жер (планета)‎ (oldid=202782
No edit summary
Белгилер: Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
[[Файл:Earth Eastern Hemisphere.jpg|thumb|Жер.]]
'''Жер''' - [[Күн системасы|Күн системасындагы]] [[планета]]. негизги табигый байлыктын бир түрү, айыл чарбасындагы өндүрүүнүн башкы каражаты. Ал өзгөчө укукка ээ болуу менен, келечек муундардын кызыкчылыгы үчүн калтырууну камсыз кылууга жана жер байлыгы катары сактоого жатат.
 
Күндөн алыстыгы боюнча 3-орунда, өлчөмү жана массасы боюнча чоң планеталардын ичинен 5-орунда турат. Массасы 5976 • 10<sup>21</sup> кг (Күн массасынын 1/330000 бөлүгү), орточо тыгыздыгы 5520 кг/м<sup>г</sup>, экватордук диаметри 12 756 км. Өз огунда айлануу мезгили 23 саат, 56 мин. Экватор тегиздигинин эклиптика тегиздигине болгон кыйшаюусу 23°26'. Ошого байланыштуу жыл мезгилдеринин алмашуусун пайда кылат. Күндүн тартуу күчүнүн таасиринен Күн системасындагы башка телолор сыяктуу эле, Жер тегеректен бир аз айырмаланган эллипс боюнча Күндү айланат. Жердин эллипс орбитасынын бир фокусунда Күн жатат да, Жер менен анын ортосундагы аралык бир жылдын ичинде 147,117 млн кмден (перпгелий) 152,083 млн кмге (афелий) чейин өзгөрөт. 149,6 млн кмге барабар болгон Жер орбитасынын жарым огу Күн системасындагы аралыкты өлчөөнүн бирдик чени болуп саналат. Жердин орбита боюнча кыймылынын ылдамдыгы орто эсеп менен 29,765 км/сек, бирок ал 30,27 км/секдан (перигелийде) 29,27 км/секга (афелийде) чейин өзгөрөт. Мындан тышкары Жер Күн системасы менен бирге Галактиканын борборун да айланат (орточо ылдамдыгы 250 км/сек, айлануу мезгили 200 млн жыл). Жердин айланасында, орто эсеп менен 384400 км аралыкта, анын жандоочусу Ай Жерди эллипс орбитасы боюнча тегеренип жүрөт. Жердин Күндү бир жолу айланып чыккан мезгили жыл, башкача айтканда 365 сутка 5 с. 48 мин 46 сек. Жер өз огунда айланып, күн менен түндү пайда кылат, убакыт бирдиги болгон сутканы түзөт. Жердин өтө татаал формасы өз огунда айлануудан пайда болуучу борбордон четтөөчү күчтүн, гравптациянын, ошондой эле рельеф пайда кылуучу ички жана тышкы күчтөрдүн аракетинен келип чыккан. Геодезияда, картографияда жана башка илимий-практикалык маселелерди чечүүдө Жердин эллипсоид түспөлү кабыл алынган. Жер Күн системасындагы башка планеталардан тиричилик, адам коомунун өсүп өнүгүшү менен айырмаланат. Азыркы учурдагы космогониялык көз караштар боюнча, Жер мындан 4,7 млрд жыл мурда, Күндүн айланасындагы мейкиндикте газ менен чаң түрүндөгү чачыранды заттардын гравитациялык конденсацияланышынан пайда болгон. Калыптануу учурунда радиоактивдүү элементтердин таасиринен Жердин ички бөлүктөрүнүн ысый башташы, Жер заттарынын дифференциацияланышына (жиктелишине) алып келген. Дифференциация Жер шарын химиялык курамы жана физикалык касиеттери боюнча бири биринен айырмаланган геосфераларга (катмарларга) бөлгөн. Жердин борборунда ядро, ядрону курчап жаткан катмар мантия пайда болуп, ал эми мантиядан бөлүнүп чыккан жеңил эриген заттардан турган эң үстүнкү катмар жер кыртышы түзүлгөн. Бул 3 геосфера кээде «катуу» Жер деп аталат. Алардан тышкары Жердин сырткы геосфералары да бар. Жерди курчап жаткан аба катмары атмосфера, суу катмары гидросфера. Бул 2 геосфера Жер түпкүрүнөн бөлүнүп чыккан буу менен газдардан пайда болгон (алар азыр да толукталып турат). Жер бети, гидросфера, ошондой эле атмосферанын астыңкы, Жер кыртышынын үстүнкү бөлүктөрү биригип, географиялык же ландшафттык кабык деп аталат. Географиялык кабыктагы физикалык жана химиялык шарттан тиричилик пайда болгон. Тирүү заттар геологиялык агент катары өтө маанилүү орунда тургандыктан, органикалык дүйнө тараган чөйрө биосфера деп өзүнчө бөлүнгөн. Жер бетинин 361,1 млн км<sup>2</sup>ин же 70,8%ин Дүйнөлүк океан ээлесе, 149,1 млн км<sup>2</sup>ин же 29,2%ин кургактык түзөт. Жердин эң бийик жери – Гималайдагы Жомолунгма чокусу (8848 м), эң чуңкур жери – Тынч океандагы Мариана кобулу (11022 м). Жердин гравитациялык, магниттик жана электр талаалары болот. Анын гравитациялык тартуу күчү Айды өз орбитасында кармап турат. Жердин түзүлүшү, түспөлү, кебетеси (формасы), Ааламдагы орду жөнүндөгү азыркы маалыматтар илгертен берки изилдөөлөрдүн натыйжасы. Байыркы замандарда Жердин формасын аныктоого көп аракет жасашкан. Мисалы, индустар Жердин кебетеси лотос сымал дешсе, вавилондуктар аны суу курчап турган тегерек тарткан жалпак арал түрүндө элестешкен. Мындан 3 миңче жыл мурда Жердин формасы жөнүндө туура түшүнүктөр пайда боло баштаган. Байыркы халдейлер Айдын тутулуусунан Жердин шар түрүндө экенин биринчи жолу байкашкан. Пифагор, Парменид (биздин заманга чейинки 6–5-кылымдар) жана Аристотель бул кубулушту илимий жол менен аныктоого аракет кылган. Байыркы илимпоздордун көбү Жер Ааламдын борбору (геоборбордук окуу) деп эсептешкен, бирок гелиоборбордук (Күн дүйнөнүн борбору) көз караштар да болгон. Орто кылымдарда Жердин шар сымал экени жана кыймылы жокко чыгарылган. Кайра жаралуу доорундагы Географиялык улуу ачылуулардан кийин Жердин формасы жөнүндөгү туура түшүнүктөр кайрадан өөрчүй баштаган. 1543-жылы Коперник дүйнөнүн гелиоборбордук системасын илимий негизде аныктаган. Жердин «катуу» бөлүгүнүн структурасы 20-кылымда сейсмологиянын жетишкендиктеринен улам такталган. 20-кылымдын 2-жарымында ракета, спутниктердин жардамы менен атмосферанын жогорку катмары жана магнитосфера изилденди. Жердин турпатын жана өлчөмүн геодезия, Аалам телосу катары кыймыл-аракетин астрономия, заттарынын физикалык абалын, бардык геосфералардагы физикалык процесстерди, күч талааларын геофизика, химиялык элементтердин таралыш законун жана алардын миграция процессин геохимия, жер кыртышынын курамын жана анын өнүгүү тарыхын геологиялык илимдердин комплекси, географиялык кабык менен биосферадагы табигый процесстерди география жана биология илимдери изилдейт.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жер" булагынан алынды