Ленин мөңгүсү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
м +link
1-сап:
'''Ленин мөңгүсү''' — [[Чоң Алай кырка тоосу]]нун түн. капталындагы дендрит
тибиндеги тармакталган ири [[мөңгү]]. Уз. 13,5 км, аянты 55,3 км<sup>2</sup>. Кызылсуунун сол
куймасы [[Ачыкташ суусу|Ачыкташ суусунун]] төрүндө жайгашкан. [[Ленин чокусу|Ленин атн. чокунун]] түн. тарабында.
 
Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 7136 м, этеги 3760 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 5300 м, абляция облусунун аянты 35,8 км<sup>2</sup>. Фирн облусу түштүгүнөн Чоң Алай кырка тоосунун дого сымал ийилген кыры менен торолгон. Мөңгүдөн Ачыкташ суусу башталып, Кызылсууга сол тараптан куят.