Вена Конгресси (1814-15): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
Vienna Congress.jpg + links + wikidata
1-сап:
[[Файл:Vienna Congress.jpg|thumb|Вена Конгресси.]]
'''Вена Конгресси''' (1814-15)''' - Наполеон жеңилгенден кийин Европадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн өткөрүлгөн эл аралык тынчтык конференциясы. 1814-ж. сентябрь 1815-ж. июнда [[Вена|Венада]] өткөн. Вена Конгрессине Европа өлкөлөрүнүн бардыгы (Түркиядан башка) катышкан. Конгрессте [[Россия]] ([[Александр I]]), [[Улуу Британия]] (Каслри), [[Австрия]] ([[Меттерних]]), [[Пруссия]] (Фридрих Вильгельм III) чоң роль ойногон. Анда Француз революциясынын жана Наполеон согушунун учурунда жоюлган феодалдык тартипти, кулаган династияларды кайра калыбына келтирүү, революциялык жана улуттук-боштондук кыймылдарга каршы күрөшүү, [[Наполеон I|Наполеонду]] бийликке кайра келтирбөө жана жеңген державалардын аймактык таламдарын канааттандыруу маселелери каралган. Падыша өкмөтү Польшаны бүт Россияга кошуп алуу маселесин койгон. Буга Франция, Улуу Британия менен Австрия каршы турган. 1815-ж. 3-январда жеңилген Франциянын атынан атайын өкүл катары конгресске катышкан [[Талейран-Перигор Шарль Морис|Ш. М. Талейран]] күч алып бараткан Россия менен Пруссияга каршы Улуу Британия жана Австрия менен жашыруун келишимге кол койгон. Конгресстин чечими боюнча Россияга Польшанын бир бөлүгү (Варшава менен чогуу Польша падышалыгы деп аталган); Пруссияга Польшадагы жана Саксониядагы айрым аймактар, Вестфалия жана Рейн провинциялары; Австрияга Ломбардия, Тироль, Далмация, Венеция; Улуу Британияга стратегиялык маанидеги Гельголанд, Мальта, Ионика жана Цейлон, ошондой эле Африканын түштүгүндөгү Кап колониясы да өткөн. Франция Саар облусунан жана бир нече чек ара чептеринен айрылган, контрибуция төлөөгө милдеттенген жана аймагында 5 жылга оккупациялык аскерлер калтырылган. Германиянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Франциянын Түндүк чек арасында Голландия менен Бельгиянын аймагынын эсебинен Нидерланд королдугу түзүлгөн. Жалпысынан, Вена Конгресси Европада стабилдүүлүктү орноткон. В Вена Конгресси кабыл алган чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн Россиянын, Австриянын жана Пруссиянын монархтары 1815-ж. сентябрда Ыйык союзду түзүшкөн.
[[Категория:Саясат таануу]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:Саясат таанууТарых]]
[[Категория:Вена]]