'''Массагеттер''' – [[Каспий деңизи|Каспий]] жана [[Арал]] деңизи|Арал деңиздеринин]] боюнда жашаган көчмөн уруулар. Байыркы [[илимпоздор]] алар жөнүндө так маалымат беришкен эмес, ошондуктан Массагеттердин ким экендиги жөнүндө көптөгөн божомолдоо пайда болгон: «массагет», «масуо» – балык же балык менен тамактангандар; «мас», [[«сак»]], «та» деген сөздөрдөн куралып, чоң сак уруусун; «мазагеттер» – улуу геттер дегенди билдирет. Массагеттер байыркы кытай жылнаамаларында чоң [[юэчжилер]] деп белгиленет. [[Героддоттун]] жазганына караганда Массагеттер – [[көчмөндөр]], алар жөө да, атчан да согуша беришет; аттарынын көкүрөгү калкан менен тосулат; идиш-аяктары, куралдары жезден жана алтындан жасалат. Аларга каршы согушта [[Ахеменилер]] дөөлөтүнүн негиздөөчүсү [[Кир]] Массагеттердин ханышасы [[Томирис]] тарабынан өлтүрүлгөн. [[Стратон Лампаскалык|Страбон]] боюнча [[Арал]] боюндагы саздарда, аралдарда жашап жыйноочулук, балыкчылык менен тиричилик кылган урууларды да атайт.

== Колдонулган адабият ==
* “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.
“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.

“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”

“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.