Эмчектеги бала: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
к
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
15-сап:
== Тиштери ==
Дени соо баланын биринчи [[Тиш|тиштери]] (эки астыңкы кашка тиш) 6—8 айында, 8—10 айында үстүңкү 4 кашка жана бир жашка чыкканда эки астыңкы кашка тиши чыгып, бир жаштагы баланын 8 тиши болот. Организми начар, өзгөчө итий болгон баланын тиштери кеч чыгат. Адатта тиши чыгарда бала ооруп, ичи өтөт, тамакка табити тартпайт, шилекейи куюлуп, чыргоолонот, эти ысыйт, начар уктайт. Бирок мындай учурда дарылоонун кажети жок. Тамак сиңирүү органдарын нервдик жөнгө салуу жетиле электигинен кичинекей балдар (өзгөчө ымыркайлар) кулгуйт, кусат, ичи көбөт, тез-тез заңдайт. Кээде эмчек ээмп жатканда аба жутуп алгандыктан да кулгушу мүмкүн. Баланын эмчек эмгенине карата анын ден соолугун байкоого болот (ооруп калган бала эмчекти начар эмет же эмбей коёт).
 
== Кыймылдын өсүшү жана психиканын өнүгүшү ==
Бир айлык кезинде баланы тикесинен көтөргөндө башын кармоого аракеттенет. 2 айында башын жакшы токтотуп, көмкөрөсүнөн жатканда башын, көкүрөгүн көтөрөт. 3 айында көмкөрөсүнөн жаткырса бала чыканагына жана билектерине таянып, денесин көтөрөт, жамбашынан жөлөсө отурат, чалкасынан капталына оодарылат, башын түз кармайт. 4 айында эркин кыймылдайт; алаканына таянып көтөрүлөт, чалкасынан көмкөрөсүнө которулат, буюмдарды чапчып, сылайт жана кармалайт. 5 айында жөлөнүп отурат же колтугунан жөлөсө бир нерсени кармап буттарын бүкпөй түз турат. 6 айында жөлөөсүз эле отурат, көкүрөгүнөн жөлөсө туруп, бут шилтөөгө аракеттенет. 7 айында эмгектейт, өз алдынча отурат, тизесине турат, керебетке жармашат, көкүрөгүнөн жөлөсө бут шилтеп басат, оюнчукту бир колунан экинчи колуна алат. 8 айында өзү отурат, жатат, бир нерсеге таянып ордунан турат, басууга аракеттенет. 9 айында өзү турат, эки колунан кармап жетелесе басат, турса өзү отура алат, тизелеп турат. 10 айында өз алдынча отуруп, турат, стулду түртүп басат, бир колунан жетелетип басууга аракеттенет. 11 —12 айында бир колунан жетелесе жакшы басат, өзү кадам шилтейт, отурат, буюмду жерден эңкейип алат.