Канадалык арктика архипелагы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ links
 
1-сап:
[[Файл:Location Canadian Arctic Archipelago.png|thumb|Канадалык арктика архипелагы.]]
[[Файл:A Nearly Ice-Free Northwest Passage vir 2016222 lrg.jpg|thumb|Канадалык арктика архипелагы.]]
'''Канадалык арктика архипелагы''' – [[Түндүк Америка|Түндүк Американын]] Түндүк четинде жайгашкан дүйнөдөгү эң ири [[Арал|аралдар]] тобу; [[Түндүк Муз океан|Түндүк Муз океанда]]. [[Канада|Канадага]] карайт. Аянты 1335 миң км<sup>2</sup>. Негизинен Түндүк Муз океаны ([[Бифорт деңизи|Бофорт]], Линкольн деңиздери, Нарес, [[Гудзон, кысык|Гудзон кысыктары]], [[Баффин деңизи]], Фокс булуңу) жана [[Атлантика океаны|Атлантика океанынын]] Девис кысыгы менен чулганат. Гренландиядан Нарес кысыгы, Баффин деңизи жана Девис кысыгы аркылуу бөлүнөт. Калкы сейрек, көбү – эскимостор. Архипелаг 36 563 аралдан турат, анын 15инин аянты 10 миң км<sup>2</sup>ден ашат.
 
Ири аралдары: [[Баффин жери|Баффин Жери]], Элсмир, Виктория, Банкс, Девон. Аралдары материктик тайыздыкта жайгашкан; аларды тереңдиги 150–300 м кысыктардын татаал системасы бир нече топко (Свердруп аралдары, [[Парри архипелагы]] жана башка) бөлөт. Рельефинде дөңсөөлүү түздүктөр жана платолор басымдуу, чыгышында бийиктиги 2926 мге жеткен (Элсмир аралында) тоо массивдери бар. Канадалык арктика архипелагы негизинен байыркы Түндүк Америка платформасынын Түндүк чет-жакасында жайгашкан; платформанын кембрийге чейинки кристаллдык фундаменти архипелагдын чыгыш бөлүгүндө жер бетине чыгып турат (калкан). Түндүк бөлүгүндө палеозойдун Иннуит алкагы созулуп жатат. Кен байлыктары: коргошун, цинк, полиметалл, темир, алтын, нефть, газ, көмүр жана башка.
 
[[Файл:Muskox 09-28.06.98.jpg|thumb|''Ovibos moschatus''.]]