Пиреней жарым аралы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
links + Spain topo.png
+link
1-сап:
[[Файл:Spain topo.png|thumb|Пиреней жарым аралы.]]
'''Пиреней жарым аралы''' — Иберия [[Жарым арал|жарым аралы]] [[Европа|Европанын]] түштүк-батышында. [[Атлантика океаны]], [[Бискайя булуну]] жана [[Жер ортолук деңиз|Жер Ортолук деңизи]] менен чулганат. Түштүгүндө Гибралтар кысыгы Африкадан бөлүп турат. Аянты 582 миң км<sup>2</sup>. Түзүлүшү өтө жөнөкөй, массивдүү, жээктеринде булуң-буйткалар аз; түндүк- батышы гана риас (узун кууш булуңдар) тибинде. Бөксө тоолор ([[Месета]], [[Галисия]]) жана узунунан созулуп жаткан кырка тоолор (Пиреней, Кантабрия, Каталония, Иберия, Андалусия, Сьерра-Морена, Борбордук Кордильера ж. б.) басымдуу. Эң бийик жери Сьерра-Невададагы Муласен чокусу (3473 м). Жээк бойлой чакан ойдундар (Португалия, Андалуеия ж. б.) созулуп жатат. [[Жер ортолук деңиздик климат|Климаты жер ортолук деңиздик]], ички аймактарында кургакчыл; батышында нымдуу океандык.
 
Ири дарыялары: [[Тажо|Тахо]], [[Дуэро]], Гвадиана, [[Гвадалквивир]], [[Эбро]]. Табигый өсүмдүктөрүнөн бадалдар (маквис, гарига), талаа өсүмдүктөрү басымдуу; токой менен бадалдар жарым аралдын аймагынын 40%тен ашыгын ээлейт. Пиреней жарым аралында [[Испания]], [[Португалия]], [[Андорра]], [[Гибралтар]] мамлекеттери жайгашкан.