Фридрих Ницше: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
→‎Колдонулган адабияттар: The source/book from 13 Wikipedias (13 pages on Nietzsche)
fix categories
17-сап:
| Колтамгасы = Friedrich Nietzsche Signature.svg
}}
 
 
'''Фридрих Ницше (1844—1900)''' — турмуш философиясына негиз салуучу катарында каралат. Анын философиялык көз карашы Гегелдин окуусуна реакция катарында пайда болгон. Өзүнүн чыгармачылыгында ал Шопенгауэрдин таасирин башынан өткөргөн, бирок ал көп маселелер боюнча андан четтеп кетет да, өзүнүн [[Иррационализм|иррационализм]] жана [[Волюнтаризм|волюнтаризм]] философиясын түзөт.
Line 34 ⟶ 33:
 
Артыкчылыктуу адам жөнүндөгү концепция анын башка бир концепциясы — «Түбөлүк кайталанып туруу» жөнүндөгү окуусу менен байланыштуу. Убакыт чексиз, ал эми ар түрдүү күчтөрдүн мүмкүн болуучу комбинациялары менен абалдары чектелүү, демек, биз байкап турган өнүгүү кайталанууга тийиш деп жазат Ницше. Бирок, кийинки баяндамасында Ницше өзү бул концепцияны мифке айландырып, түбөлүк кайталанып туруу жөнүндөгү идеяны: жол жана жолдогу дарбаза түрүндө элестетет. Дарбазада «Көз ирмем» деген жазуу бар. Жол бул дарбазадан артка карай кетет, өткөн чакта болуп өткөндүн баарысы келечекте кайрадан болуп өтөт, б.а. кайталанат. Көп учурда бул идея оптимизм катарында түшүндүрүлөт. Ницше өзү минтип айткан: «Мен жалпы кыйроону жана бүтпөстүктү сезүүнүн шал кылуучу таасирине түбөлүктүү кайталанып турууну каршы койдум» [Бийликке умтулуучу эрк. Аф. 417-Ш].
 
Ницшенин динге карата көз карашы анын «артыкчылыктуу адам» концепциясы менен да байланышып турат. Бала чагынан эле ал динчилдиги менен айырмаланат, бирок христианчылыктын кеңири жайылган үгүт-жоболорунан көңүлү калып, андан баш тартат. Ал динге каршы туруп, өзүнүн ар түрдүү чыгармаларында ага каршы чыгып, «Христианчылыкка каргыш» деген кошумча темасы бар «Антихрист» аттуу эмгекти жаратат. Дин, дейт Ницше, өз күнүн жашап бүттү жана жашоо-турмуштун орчундуу проблемаларын чечүүгө жөндөмсүз. Ницше мындай жобону көтөрүп чыгат: «Кудай өлдү! Кудай өлүк! Аны биз өлтүрдүк! «Христиан кудайына ишенүү ишенимге арзыбай калды» [Шайыр илим. Аф. 125-П, 343-11]. «Заратустрага» карата бир шилтем сомосунда ал мындай деп жазат: «Силер муну Кудайдын өзүнөн өзү бузулушу деп айтасыңар, бирок бул анын түлөгөн кабырчыгы гана: ал өзүнүн моралдык терисин сыйрып жатат! Ошондуктан силер жакында Аны жакшылык менен жамандыктын карама-каршысынан кайрадан көрүүгө тийишсиңер».
 
Ницшенин философиясы жашоо-турмуш, прагматизм, экзистенциализм философиясына олуттуу таасир көрсөткөн. Ницшенин философиялык системасы карама-каршы болгондуктан, бирдиктүү принципке баш ийбегендиктен, ал ар түрдүүчө кабыл алынып, ар түрдүүчө түшүндүрүлгөн.
 
 
 
== Колдонулган адабияттар ==
Line 43 ⟶ 42:
* [[Бугера, Владислав Евгеньевич|В. Е. Бугера]] [http://eretik-samizdat.blogspot.ru/2014/01/blog-post_30.html Социальная сущность и роль философии Ницше]. — М.: КомКнига, 2010. — ISBN 978-5-484-01062-2.
 
[[Категория:Философтор‎]]
[[Category:Философия]]
[[CategoryКатегория:Классикалык немисБатыш философиясы]]
[[CategoryКатегория:Немис философиясы]]
[[Category:Инсандар]]
[[Category:Философия]]
[[Category:Батыш философиясы]]
[[Category:Немис философиясы]]
[[Category:Инсандар]]